Акыркы суткада коронавирус жуктурган төрт адам каза болду, жуктуруунун 51 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус жуктурган төрт адам каза болуп, 57 бейтап оорудан айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада COVID-19 жуктуруунун 51 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оору жутургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 29;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Баткен облусу — 7;
  • Талас облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу —2;
  • Чүй облусу —1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 884 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 499 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2727 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 483 бейтап, ал эми үй шартында 641 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 22-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 712 адам, ал эми экинчи дозасын 764 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.