«Биздин келин карапайым үй-бүлөдөн». Райым Матраимов уулун үйлөнттү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу үйлөнүп, той Бишкекте өттү. Маалыматты Vesti.kg басылмасына экс-чиновниктин агасы, депутат Искендер Матраимов тастыктады.

Солдо Искендер Матраимов, ортодо Райымбек Матраимов.

Анын айтымында, инисинин уулу «саясатчылардын эмес, карапайым үй-бүлөдөн чыккан кызга үйлөндү». Ал үлпөт тойго туугандары, жакындары чакырылганын белгиледи.

«Келин саясатчылардын же чиновниктердин үй-бүлөсүнөн эмес, карапайым үй-бүлөдөн. Иним уулун кимге үйлөнткөнүн айта албайм. Бизге саясатта каалагандай тийишсеңер болот, бирок үй-бүлөбүзгө, балдарыбызга кийлигишүүнүн кереги жок. Той жакшы өттү, башка эч нерсе айта албайм. Майрамга бир гана туугандарыбыз, үй-бүлөнүн жакын адамдары катышты», — деп билдирди депутат.

Ошол эле учурда, бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып, Райымбек Матраимовдун уулу Бакай уйгур ишкери Хабибула Абдукадырдын кызына үйлөнгөнүн жазышты.

Матраимов кланынын тарапташы Кылыч Саркарбаев жана Бакай Матраимов 2016-жылы. Соцтүйүндөн алынган сүрөт 

Андагы маалыматка таянсак, үлпөт той 20-ноябрда Sheraton мейманкасында өттү. Келген меймандарга фото жана видеого тартууга тыюу салынып, тойдун жүрүшү олуттуу сыр катары сакталды.

ЖМКлар тойго бир катар саясатчылар, мурдагы жана азыркы бажы кызматкерлери катышканын белгилешти.

Матраимовдордун үй-бүлөсү жана Абдукадыр бажыдагы коррупция жөнүндөгү чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдөн кийин атагы чыккан. «Клооп», «Азаттык» радиосу жана OCCRP Хабибула Абдукадыр кланынын жүк ташуучу жашыруун империясы аркылуу Кытайдан товарларды мыйзамсыз алып өтүү схемасынын жүзүн ачкан.

Империянын өркүндөшүнө кыргыз бажысындагы коррупция себеп болгон, ага ондогон чиновниктер аралашып, миллиондогон АКШ доллары жумшалган.

Абдукадырдын үй-бүлөлүк кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, акысына үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткенин далилдешкен.