Шайлоо-2021: Бюллетендер аймактарга жана чет өлкөдөгү участкаларга жөнөтүлдү

Боршайком 21-ноябрда «Учкун» акционердик коому даярдаган парламент депутаттарын шайлоого арналган бюллетендер аймактарга жана чет өлкөдөгү шайлоо участкаларына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Сүрөт: БШКнын маалымат кызматы. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн – 3 702 646 бюллетень даярдалды. Анын ичинен кыргыз тилинде – 2 970 157, орус тилинде – 732 489 бюллетень. Ал эми 2494 бюллетень көзү азиз жана көрүүсү начар жарандар үчүн Брайль ариби менен даярдалды. Ал эми чет өлкөлүк участкаларга – 75 727 бюллетень жиберилди.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бардыгы болуп 3 625 277 бюллетень даярдалса, анын 2 928 810 кыргыз тилинде, ал эми 696 467 бюллетень орус тилинде. Брайль ариби менен 2 435 бюллетень басылып чыкты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Боршайкомдун 2021-жылдын 19-ноябрына карата берген маалыматына таянсак, бир мандаттуу шайлоо округунан 292 талапкер шайлоого катышат. Ал эми бирдиктүү шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 21 саясий партия ат салышат.