COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 69 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 23-ноябрга карата коронавирустун 69 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 100 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 30;
  • Чүй облусунда — 19;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 3;
  • Ош шаарында — 2;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 953кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 599 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 729 адам көз жумду.

Учурда 458 бейтап ооруканада, ал эми 633 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 23-ноябрга карата 11 538 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 353 адам биринчи дозасын, ал эми 6 185 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.