«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясы коомдук талкуудан өттү. Ал бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирет.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясы сунуштаган. Эми долбоорду Жогорку Кеңеш карайт.

Кыргыз өкмөтү демилгелеп, иштелип чыккан мыйзамдын жаңы редакциясында кыргыз тилинин макамы жогорулаган. Колдонуудагы мыйзамда бир гана президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы жана Конституциялык палатанын төрагасы билүүгө милдеттүү болчу.

Сунушталган редакциянын «Мамлекеттик тилди билүү милдети» деп аталган бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык кыргыз тилин төмөнкү адамдар билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууга тийиш:

  • Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Улуттук банктын кызматкерлери;
  • Ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык курамындагы адамдар;
  • ИИМдин жана атайын чендер ыйгарылуучу башка укук коргоо органдарынын курамы;
  • Прокурорлор;
  • Адвокаттар;
  • Нотариустар;
  • Менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери;
  • Билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлери;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери.

Мамлекеттик тил колдонулуучу чөйрөлөр


«Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясынын 4-беренесинде мамлекеттик тилди милдеттүү колдонуучу чөйрөлөр белгиленген. Ага ылайык, менчик түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалар ишин кыргыз тилинде жүргүзүүгө тийиш.


  • мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин баардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;
  • шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;
  • сот өндүрүштөрүндө, Куралдуу күчтөрдө, укук коргоо органдарында;
  • эл аралык келишимдерди түзүүдө;
  • ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында жана документтерди жүгүртүүүдө;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын аталыштарында;
  • географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, ысымдарда;
  • фирмалык аталыштарда, соода маркаларында жана тейлөө белгилеринде;
  • нотариалдык кеңселерде жана мамлекеттик үлгүдөгү аныктама жана бланкттарды тариздөөдө;
  • билим берүү, илим, маданият, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, жалпыга маалымдоо каражаттары, китеп басып чыгаруу, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын колдонуучу интерфейстери, коомдук иш-чаралар, жарнама, транспорт чөйрөлөрүндө,
  • турмуш-тиричилик тейлөө кызматтарында жана башка бардык коомдук тармактарда;
  • мыйзамдарда аныкталган башка чөйрөлөрдө.

Андан тышкары, жаңы редакцияда теле жана радиолордо 70%дан кем эмес берүүлөр мамлекеттик тилде болушу керек экени жазылган. Берүүнүн тартиби «Теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө» мыйзамына жараша аныкталат. Ал эми басылмаларда кыргыз, орус жана башка тилдерде материалдар жарык көрөт.


Баса белгилеп кетүүчү жагдай, мамлекеттик тил колдонулган баардык чөйрөлөрдө кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилдик, грамматикалык ченемдери сакталууга тийиш.


Ал эми кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

Жаңы бөлүмдөр жана жаңы беренелер

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясында маданият чөйрөсүндө жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилди колдонуу өзүнчө глава менен бирилген. Колдонуудагы мыйзамда болсо эки тармак бир главага камтылып, жалпылаштырылган болчу.

Жаңы редакциянын 8-бөлүмү «Китеп басып чыгаруу, колдонуучу интерфейстер чөйрөсүндө жана коомдук иш-чараларда мамлекеттик тилди колдонуу» деп аталат. Анда мамлекет кыргыз адабий чыгармаларын басып чыгарууга жана жайылтууга, чет тилдеги адабиятты мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөрү айтылган.

Аны менен катар, Кыргызстанда ишке киргизилген компьютердик программада мамлекеттик тилдеги интерфейс болушу керек делет.

Ушул эле бөлүмдүн 25-беренесинде коомдук иш-чараларда кыргыз тилин колдонуу тууралуу сөз болгон. Ага ылайык, съездер, сессиялар, конференциялар, чогулуштар, көргөзмөлөр, семинарлар, тренингдер, талкуулар, форумдар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилде, зарылчылыкка жараша расмий тилде жүргүзүлөт.

Бирок бул жобо чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн атайын уюштурулган иш-чараларга колдонулбайт. Эң негизгиси, коомдук иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилден башка тил колдонулган учурда, анын уюштуруучусу мамлекеттик тилге синхрондуу же ырааттуу котормосун камсыз кылууга милдеттүү.


Мыйзам долбоорунун биринчи бөлүмүндө Кыргызстандын аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин өнүктүрүү принцибин карманары баса белгиленген.


Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин пайдаланууга, баарлашуу, тарбиялоо, окутуу жана чыгармачылык иштерин аткаруу тилин эркин тандап алуу укугуна ээ деп жазылган.

Аны менен катар Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам Кыргызстандын жарандарына, өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулары айтылган.

Долбоордо тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамды жана тил жаатын жөнгө салган мыйзам актыларын бузган жана талаптарды аткарбагандар мыйзам чегинде, административдик жазага тартылат же каржылык айып салынары кошумчаланган. Ал эми мыйзам кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.