Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, жуктуруунун 70 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 25-ноябрга карата коронавирус жуктурган эки адам каза болуп, 67 бейтап оорудан айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада COVID-19 жуктуруунун 70 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оору жутургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 23;
  • Чүй облусу —21;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Ош облусу — 6;
  • Баткен облусу — 3;
  • Талас облусу — 2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 066га адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 760 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2734 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 457 бейтап, ал эми үй шартында 579 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6093 адам, ал эми экинчи дозасын 66422 киши алды.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.