Бир жылдан ашык убакыттан бери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өлкөдөгү эң ири университеттердин бири болгон Кыргызстандын Эл аралык университетин (МУК) сотко берип, эч кандай майнап чыкпай келет. Мамлекеттик университеттин негиздөөчүлөрүнүн катарына жеке уюм киргенин мамлекеттик орган мыйзамсыз деп эсептейт. Мындан улам Маммүлк фонду университетке берилген мамлекеттик мүлк жеке колго өтүп кетиши мүмкүн деп чочулаган. «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери менчиктештирүү болуп кеткенин, бирок мындан бийликтин кабары жок экенин өз алдынча аныктап чыгышты.
Университеттин 30 кыймылсыз мүлк объектисинин жарымына жакыны жеке колго өтүп кеткен. Маселен, жаңы кожоюндардын арасында Ысык-Көлдө коттеджге ээ болгон депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Азамат Арапбаевдин бир тууган агалары менен Жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азизбек Ороков да бар.
Кыргызстан Эл аралык университети журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындан бир нече жыл мурун өкмөттүн буйругу менен мамлекеттик мүлктүн басымдуу бөлүгүн Билим берүү министрлигинин балансына өткөрүп бергенин билдирди. Өз кезегинде, Маммүлк фонду бул билдирүүлөрдү четке кагып, тескерисинче мамлекеттик агенттик бардык 30 кыймылсыз мүлк объектилерин Эл аралык университеттин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп бергенин жана бул маалымат жок дегенде 2020-жылга карата актуалдуу экенин баса белгиледи.
Университетке берилген мамлекеттик мүлк кантип жеке адамдарга өтүп кеткен?
«ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери Маммүлк фондунан Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин мүлктөрүнүн тизмесин сураган. Мамүлк фонду 30 мүлктүн тизмесин берип, алар Кыргызстан Эл аралык университетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилгенин айтты. Даректери жана идентификациялык коддору бар тизмеге Ысык-Көлдөгү негизги окуу кампустары, жатаканалар жана эс алуу үйлөрү сыяктуу түрдүү кыймылсыз мүлк объектилери кирген.
Расмий маалымат чындыкка дал келерин фонддогу булак дагы тастыктады. Журналисттер кадастрдык маалыматтарды сатып алып, тизмедеги кыймылсыз мүлктүн жарымына жакыны университетке же Маммүлк фондуна эмес, жеке адамдарга, анын ичинде депутаттардын жакындарына, мамлекеттик кызматкерлерге жана жеке ишкерлерге таандык экенин аныктады.
Маммүлк фондунан алган маалыматтар боюнча, объектилердин жалпы аянты 15 миң чарчы метрди, баланстык баасы 4 млн 293 миң сомду түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасы Батыр Төрөбаев 2012-жылы бир нече ай бою Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында коттеджге ээлик кылып келген. Ушул эле айылда жайгашкан «Спальный корпус №1» объектиси 2008-жылдын май айынан бери Жогорку Кеңештин ошол кездеги жана азыркы депутаты Азамат Арапбаевдин улуу агасы Мухтар Арапбаевдин наамына катталган.
Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан №4 корпусун 2007-2016-жылдары Азизбек Ороков ижарага алган. Ал 2018-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Имараттын ээси болгон учурда ал «Интер-ресурс» ишканасынын директору, андан кийин «Взрывпром» ишканасынын башкы директору болгон.
Андан алыс эмес жайгашкан №1 Корпусу 2007-2012-жылдары «Витязь» пансионатына катталган. Бул ишкананын директору Руслан Валиев. ММКлардагы маалыматтарга ылайык, Максим Бакиевге козголгон кылмыш иштеринде Валиев «анын ишенимдүү адамы» катары көрсөтүлгөн.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, Бакиевдердин жана алардын жакындарынын Ысык-Көлдө жайгашкан бардык мүлкү Руслан Валиевге катталган. 2010-жылдын июнь айында Ысык-Көл райондук прокуратурасы Руслан Валиевге көл жээгиндеги жерди рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Валиевдин азыр турган жери белгисиз. Бирок кылмыш иши белгисиз себептерден улам токтотулган. Азыр №1 корпусу 2010-жылдан бери Маммүлк фондуна таандык.
Ушул эле даректе жайгашкан Пионерлер штабынын имараты 2019-жылдын 14-августунан бери Макулбек Шайбековго катталган. Ал 2010-жылы «Акыйкат» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышкан.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин негиздөөчүсү Асылбек Айдаралиев 2021-жылдан бери Чоң-Сары Ойдогу коттеджге сивертут (башка бирөөнүн мүлкүн пайдалануу укугу — ред. эскертүү) негизинде ээлик кылган.
Ага чейин 2005-2017-жылдары Асылбек Айдаралиев аталган коттеджди пайдаланып келген. Ал эми 2003-жылдан 2017-жылга чейин бул объект параллелдүү түрдө Кыргызстан Эл аралык университети окуу-илимий өндүрүш комплексинин (мындан ары УНПК МУК) чарбалык башкармалыгында болгон. 2017-жылдан бери коттедж Билим берүү министрлигинин оперативдүү башкаруусунда. Бирок 2003-жылдан бери коттедждин ээси Билим берүү министрлигине караштуу «Санат» ден-соолук борбору болуп саналат.
Ошондой эле, УНПК МУК 2021-жылдын сентябрынан бери «Жыгач үй №1» деген кыймылсыз мүлккө ээлик кылат.
«ПолитКлиниканын» журналисттери Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин менчигине ээлик кылган адамдардан комментарий алышты.
Батыр Төрөбаев Ысык-Көлдө коттеджи бар экенин четке какты.
«Менде эч кандай коттедж жок», — деп жооп берди ал коттедж тууралуу суроого.
Мухтар Арапбаевдин айтымында, анын Чоң Сары-Ойдо жери болгонун, бирок аны айыл өкмөтүнө бекер эле тапшырып салганын айтат.
«Чоң-Сары-Ойдо котеджим жок. Ал жакта жерим бар болчу, аны айыл өкмөтүнө кайтарып бергем. Убагында ал жерге “городок” салсакпы деген оюбуз бар болчу. Бирок, ал жерге иним Азаматтын эч кандай тиешеси болгон эмес», — дейт Мухтар Арапбаев.
Кадастрдык маалыматтарда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду же башка мамлекеттик орган аталган эмес. Журналисттер тактоо үчүн Маммүлк фондуна кайрылышканда, Фонд бул мүлктөр алардын маалымат базасында көрсөтүлгөнүн жана университеттин оперативдүү башкаруусуна берилгенин айтышты.
Алар бул мүлк жеке менчикке өтүп кеткенин билишкен эмес. Тескерисинче, журналисттерден кадастрдагы маалыматтар менен бөлүшүүнү суранып, бул жагдайды иликтеп чыгууга убада беришти. Фонд бул мүлк Маммүлк фондунун балансында экенин жана бул мүлктөрдүн ээлери мамлекет экенин баса белгилешти. Алардын айтымында, мамлекеттик мүлк Маммүлк фондунун макулдугу менен гана менчиктештирүү жолу аркылуу жеке колго өтүшү керек.
Кадастрдык маалыматтарды алгандан кийин журналисттер университеттен комментарий алуу үчүн кайрылышты. Атын атабоону өтүнгөн Эл аралык университеттин юристи «ПолитКлиника» басылмасына берген маегинде мамлекеттик менчиктен Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети филармониянын жанындагы окуу имаратын гана пайдаланып жатканын, пансионаттар менен коттедждер Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинде оперативдүү башкарууда болгонун билдирди.
Юристтин айтымында, коттедждерди оңдоо пландалып, бирок кийин ФУГИ бул мүлктү өкмөттүн 2017-жылдагы буйругу менен Билим берүү министрлигинин балансына өткөрүп берген.
Кыргыз эл аралык университетинин юристи «ПолитКлиника» басылмасына берген маегинде Ысык-Көлдөгү мүлктөр 2017-жылдан бери министрликтин балансында турганын баса белгиледи. Бирок, Маммүлк фонду бул билдирүүнү четке какты — Фонд 30 кыймылсыз мүлктүн тизмеси 2020-жылы түзүлгөнүн жана Билим берүү министрлиги бул кыймылсыз мүлк объектилеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин балансында деп көрсөткөнүн билдирди.
Учурда мамлекеттик мүлк кандайча жеке колго өтүп кеткенин тактоого мүмкүн болгон жок. Жарандык кодекске ылайык, оперативдүү башкаруудагы мамлекеттик мүлк — мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана тескөөгө берилип же ээликтен ажыратылышы мүмкүн. Бул учурда мындай иш Маммүлк фондунун макулдугу менен жасалышы керек.
Акыркы жоопторго караганда, Маммүлк фондунун кызматкерлери мүлктөрдүн тагдыры тууралуу билишкен эмес. Буга чейин журналисттер Фондго суроолор менен кайрылганда мамлекеттик мүлк жеке колго өтүп кетүү коркунучу гана бар экенин айтышкан. Буга университеттин негиздөөчүлөрүнүн алмашышы жана жеке компаниянын кириши себеп болгон.
Жеке тараптар кантип мамлекеттик университеттин негиздөөчүлөрүнүн курамына кирип алган?
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети (МУК) 1993-жылдын 11-мартында ачылган. Алгачкы негиздөөчүлөрү Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Улуттук илимдер академиясы болгон. Университетке Сан-Франциско мамлекеттик университети жардам берген.
Окуу жайдын кадыр-баркы болгон — көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрүнүн арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-маданият министри Азамат Жаманкулов жана Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов бар.
2011-жылга чейин университет өзүнүн мамлекеттик статусун сактап келген, бирок негиздөөчүлөрдүн жыйынында Билим берүү министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин уюштуруучулардын тизмесинен чыгарып салышкан. Жыйындын протоколуна ылайык, Тышкы иштер министрлиги өзүнүн арызынын негизинде уюштуруучулардын тизмесинен чыккан. Ушул эле документте ошол кездеги билим берүү министри Канат Садыков менен Илимдер академиясынын жетекчиси Шарипа Жоробекова Тышкы иштер министрлигинин ордуна аты-жыты белгисиз «Эл аралык билим берүү академиясы» (МАО) жеке уюмун киргизүүнү чечишет.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, бул коммерциялык эмес окуу жайды Тилек Асаналиев жетектеп турган. Документтерде МАО эмне үчүн негиздөөчүлөрдүн катарына киргизилгени көрсөтүлгөн эмес.
Бир жылдан кийин Тилек Асаналиев менен мурдагы министр Канат Садыков кезектеги жыйында Илимдер академиясын уюштуруучулардын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Эмнеден улам мындай чечимге келгендиги аталган документте көрсөтүлгөн эмес.
«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери мамлекеттик университет эмне үчүн жарым-жартылай жеке структурага таандык болуп калганын жана анын артында кимдер турганын иликтөөнү чечишти.
Белгилүү болгондой, МАО 2002-жылы каттоодон өткөн, анын түпкү негиздөөчүсү окумуштуу жана академик, Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин негиздөөчүсү Асылбек Айдаралиев болгон.
11 жылдан кийин Айдаралиевдин ордуна Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин клону болгон «Окутуу-илимий-өндүрүштүк комплекси» Кыргызстан эл аралык университети» коммерциялык эмес билим берүү мекемеси (УНПК МУК) негиздөөчү болуп кирип алган.
Түшүндүрмө: Эки Эл аралык университет кантип пайда болгон?
2003-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстан Эл аралык университетинин (УНПК МУК) Окуу илимий-өндүрүштүк комплекси түзүлүп, алгач мамлекеттик менчикте болгон. Комплекстин структурасына мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелери кирет. Мамлекеттик мекемелердин арасында МУК, ал эми жеке менчиктердин арасында «Виртуалдык академия» — кийин кайра каттоодон өткөн МАО сыяктуу институттар болгон.
Бирок, Юстиция министрлигинин сайтында, УНПК МУК жеке билим берүү мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинен өзүнчө юридикалык тарап болуп саналат. Өкмөттүн токтому чыккандан 5 жыл өткөндөн кийин УНПК МУК жеке уюм катары кандайча катталганын азырынча тактоого мүмкүн болгон жок.
МУКтун сайтында 2003-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №53 токтому менен университет «Кыргызстан Эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси болуп өзгөртүлгөнү көрсөтүлгөн.
Ал эми 2017-жылы университет «Кыргызстандын Эл аралык университети» Академиялык консорциумуна – ар кандай деңгээлдеги бир катар окуу, илимий жана өндүрүштүк мекемелерди камтыган корпоративдик топ болуп өзгөртүлгөн.
Тилек Асаналиев – милициянын генерал-майору жана «Кыргызстан Эл аралык университети» академиялык консорциумунун Координациялык кеңешинин мурдагы төрагасы.
«ПолитКлиника» медиасы Тилек Асаналиев менен Асылбек Айдаралиевден комментарий алууга аракет кылды. Асаналиев, аны Айдаралиев МАОго жана эл аралык университетке чакырганын айтты:
«МАО Айдаралиевдики. Мени ал жакка ошол киши чакырган. Менин так эсимде жок жана баарын билбейм. Айдаралиевден сурасаңар болмок. Бул уюмдардын баары аныкы», — деп жооп берди ал.
Асылбек Айдаралиев «ПолитКлиника» медиасына берген маегинде бардык процесстер макулдашылган жана мыйзамдуу болгон деп жооп берди. Анын айтымында, университетте башкаруунун аралаш формасы бар.
«МУК азыр аралаш формадагы [университет]. Бул билим берүү мыйзамында көрсөтүлгөн. Университеттер үч формада болушу мүмкүн: мамлекеттик, мамлекеттик-жеке (аралаш) жана жеке. Тышкы иштер министрлиги менен Илимдер академиясынын негиздөөчүлөрдөн чыгып кетиши жана МАОнун кириши мыйзамдуу болгон», — деп жооп берди Эл аралык университеттин негиздөөчүсү.
Айдаралиев Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети мамлекеттик университеттердин республикалык тизмесине кирбей калганын, андан кийин Билим берүү министрлиги акционерлештирүү ыкмасын иштеп чыгуу боюнча токтом чыгарганын түшүндүрдү. Ал кошумчалагандай, бул боюнча Маммүлк, Юстиция жана Билим берүү министрликтеринин катышуусунда 4 жолу жыйын өткөрүлүп, алар университетти акционерлештирбеш керек деген чечимге келишкен.
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги кеңеш сурап Улуттук юридикалык фирма деген жеке компанияга кат жолдогон. Корпорация эң оптималдуу жол – коммерциялык эмес окуу жайын түзүү экенин айткан.
«ПолитКлиниканын» журналисттери билим берүү мыйзамын текшерди. 47-беренеге ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын республикалык тизмесине кирбеген мамлекеттик жогорку окуу жайлары өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес билим берүү уюмдары болуп кайра түзүлөт.
Айдаралиевдин сөзүнө ылайык, Эл аралык университет бул тизмеге кире албай, мыйзам боюнча өзүн-өзү каржылоого өтүүгө аргасыз болгон.
Ошону менен катар эле «ПолитКлиника» медиасы Эл аралык университеттин башка негиздөөчүлөрү — Билим берүү министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук илимдер академиясына комментарий үчүн кайрылышты.
Негиздөөчүлөр алмашып жаткан кездеги Тышкы иштер министри Руслан Казакбаеден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Негиздөөчүлөрдү алмаштыруу боюнча документке кол койгон Илимдер академиясынын мурдагы президенти Шарипа Жоробекова азыр эч нерсе эсинде жок экенин айтып, андан ары сүйлөшүүдөн баш тартты:
«Андан бери он жыл өттү. Эч нерсе эсимде жок», — деп жооп берди ал.
Билим берүү министрлиги Эл аралык университетке байланыштуу бардык суроолор боюнча түз эле бул окуу жайдын жетекчилигине кайрылуу керектигин билдирди.
Кыргызстан Эл аралык университетинин ректору Айнура Адиева «ПолитКлиниканын» журналисттерине бул эң оптималдуу чечим болгон деген оюн айтты:
«2012-жылы Эл аралык универститет өзүн-өзү каржылоого толугу менен өткөн. Ошол кездеги өкмөттүн атынан өзүн-өзү каржылоо боюнча мамлекеттик билим берүү мекемесинин эң оптималдуу формасы коммерциялык эмес окуу жайы болгон. Ошондуктан, Эл аралык университет кайра каттоодон өттү жана азыр университет коммерциялык эмес билим берүү мекемеси болуп калды, бул менчиктин аралаш формасы. Толугураак Асылбек Айдаралиев айтып бере алат», — деди Адиева.
Бул боюнча мамлекеттик органдар кандай пикирде?
Негиздөөчүлөрдүн курамына жеке менчик компаниянын кирип кеткени Өкмөткө жана укук коргоо органдары тарабынан байкалбай калган жок. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «ПолитКлиниканын» кайрылуусуна жооп кылып, 2020-жылдын январь айында Бишкек шаардык прокуратурасынан мыйзам бузууларды жоюу жана Эл аралык университеттин негиздөөчүлөрүнө кирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча буйрук келгенин билдирди.
«2020-жылдын 13-январында Бишкек шаардык прокуратурасына мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш түшкөн. Прокуратура жүргүзгөн иликтөө Эл аралык университеттин окуу илимий-өндүрүштүк комплекси мыйзамсыз түрдө кайра каттоодон өткөнүн жана анын курамына коммерциялык эмес билим берүү мекемеси болгон Эл аралык билим берүү академиясынын киргенин көрсөттү», — деп билдирди Фонд өзүнүн позициясында.
Эл аралык университет жана жеке академиянын негиздөөчүсүнүн пикирине карабастан, Маммүлк фонду жана Бишкек прокуратурасы университеттин негиздөөчүлөрүн алмаштыруу мыйзамсыз болгон деген бүтүм чыгарышкан.
Маммүлк фондунун маалыматына караганда, «Өкмөт жөнүндө» мыйзамга ылайык, Өкмөт гана мамлекеттик ишканаларды түзө алат, мамлекеттик мүлккө ээлик кыла алат жана аны менчиктештирүүнү уюштура алат, ошондой эле «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, окуу жайдын уставы уюштуруучулар тарабынан гана бекитилет.
1993-жылы Эл аралык университеттин уставы өкмөттүн токтому менен бекитилген, ал азырынча жокко чыгарыла элек. Маммүлк фонду билдиргендей, Эл аралык университет мыйзамды бузуу менен жаңы уставды бекитип алган.
«Белгилей кетчү нерсе, №3 Протокол жана №5 Протокол менен кабыл алынган чечимдер Өкмөттүн макулдугусуз кабыл алынып, муну менен өкмөттүн укуктары бузулган», — деп жазылган Маммүлк фондунун доо документтеринде.
Мындан тышкары, Фонд 2012-жылдагы Өкмөттүн токтомуна шилтеме жасап, мамлекеттик мекемелердеги бардык өзгөртүүлөр жана негиздөөчүлөрдүн алмашуусу Фонд менен макулдашылышы керектигин айткан.
Маммүлк фонду Эл аралык университеттин негиздөөчүлөрүнүн курамын өзгөртүү жогорудагы талаптардын бирине да жооп берген жок деп эсептейт.
«Жогорудагы жүйөлөрдү эске алуу менен, Фонд соттолуучулардын мыйзамсыз аракеттери менен Эл аралык университети жеке менчик мекемеге өткөн деп эсептейт», — деп айтылат документтерде.
Фонд университет тарабынан мыйзам бузууларды жоюу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Ленин райондук сотунун 2021-жылдын 20-майындагы чечими менен арыздануу мөөнөтүнүн эскирип кеткендигине байланыштуу Фонддун доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Фонд бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, учурда бул иш каралып жатат.
Бишкек шаардык прокуратурасы 2020-жылдын 13-январындагы буйругу менен Тышкы иштер министрлигинин жана Улуттук илимдер академиясынын негиздөөчүлөрдүн курамынан чыгаруу чечими мыйзамсыз экенин билдирген. Себеби, негиздөөчүлөрдүн курамын өзгөртүү боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтому жок.
Ошондой эле, КРнын УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын июль айындагы токтому менен Билим берүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Улуттук илимдер академиясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Бирок, 2015-жылдын май айында КРнын УКМКнын Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн буйругу менен кылмыштын курамы жок деген негиз менен кылмыш иши токтотулган.
Автор: ПолитКлиника
Фактчекер: Асель Сооронбаева, Инна Кывыржик