Бир видео менен: Жолбун иттер президенттин кортежин тосуп чыкты

Өлкөдө 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүүдө. Президент Садыр Жапаров добуш берди, бүгүн ал Ашхабад шаарына кетиши керек.

Президенттин кортежи үчүн жолдун жабылышынан жолбун иттер пайдаланды. А бирок кайгырбаңыз, иттер жабыркаган жок.

Видео: Азамат Иманалиев

Бишкекте президенттин кортежи үчүн жол күнүгө, эртең менен жана кечкисин торолот. Шаар тургундары бул боюнча далай жолу нааразылыктарын билдиришкен — жолдорду тосуу тыгындарды жаратып, мындан улам жарандар жумуштарына кечигет.