Ош: №5271 участкасында АСУдан берилген чектен эки партия чийилип чыкты

Ош шаарындагы №5271 шайлоо участкасында АСУдан берилген чектен эки партия чийилип чыкты. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Кубанычбек Жусанов кабарлады.

Жусанов жарыялаган сүрөттөн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен «Багыт» партиясы чектен чийилип турганын көрүүгө болот.

Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов «Т-Медиа» басылмасына эки партия техникалык мүчүлүштүктөн улам чийилип чыкканын билдирди.

Алматовдун айтымында, 27-ноябрда көзөмөл жүргүзгөндө баары жайында болгон. Ал маселени чечүү үчүн мобилдүү топ жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.