Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылында добуш берди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова саат 8:30да Чон-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасында добуш беришти. Президент добуш бергенден кийин журналисттерге жолугуп, элди шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам», — деди президент добуш бергенден кийин.

Ал эми президент добуш бергенге чейин аталган участокто автоматтык эсептөөчү урнанын (АСУ) иштөөсү үзгүлтүккө учурады. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өлкө башчы келгенге чейин АЭУну оңдоого үлгүрдү, бирок башка шайлоочулар добуш берүү чүн кезек күтүп калышты.

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.