Байсалов БШК сайтында добуш эсептөөдө мүчүлүштүк болгон жок деген пикирин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагына БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк тууралуу айтты. Ал «Шайлоо» автоматташтырылган тутумунда эч кандай бузулуу болбогонун кайталады. Бул жерде жарыяланган таблицадагы программалык ката жөнүндө сөз болуп жатат.

Ошондой эле, ал «добуш саноо аягына чыга элек» экенин белгиледи.

«Расмий акыркы жыйынттык бюллетендерди кол менен санагандан кийин гана чыгат. Партиялар менен көзкарандысыз байкоочулар өзүнчө санайт. Биз системага аудит жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдарды чакырганга даярбыз», — деп ишендирди Байсалов.

Ошондой эле ал, комментатордун бири, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Урмат Насыкулов менен да сөз талаша кетти. Анын айтымында, эгер бийлик жыйынтыктарды бурмалоону кааласа, анын масштабы башкача болмок.

«Эгер бийлик #шайлоо2021’ди бурмалай турган болсо, анда шайлоого катышкандардын саны мынчалык аз болмок эмес. 32%!!! Эгер жасалма жыйынтык жасай турган болсок кенен эле бермекпиз, туурабы урматтуу шайлоочулардан колдоо таппай калган талапкерлер? Бул фальсификация эмес!», — деп белгиледи Байсалов.

Кыргызстандагы депутаттарды кайра шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Парламенттин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 300 жакын талапкер болду.

Шайлоого келгендердин саны 30% араң ашты. «Клооптун» байкоочулары саат 22:00гө карата өлкө боюнча 436 бузууларды аныкташкан. Алардын дээрлик жарымы – добуш берүүнүн купуялуулугун базуу, төрттөн биринен ашыгы – АСУ иштен чыккан учурлар. Андан тышкары, мыйзамсызсыз үгүт жүргүзү жана шайлоочуларды сатып алган болуусу мүмкүн делген 33 учурду каттады.

Автоматтык урнадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгара баштагандан кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетип иштебей калган. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан. БШК бир канча убакытка маалыматтарды өчүрүп, андан соң сайтка жаңы маалыматтарды жүктөдү, бирок анда айырмачылыктар болду.

БШК системасындагы мүчүлүштүктөр бир катар партиялардын парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынттыктарына күмөн санашына себеп болду. 29-ноябрга карата алты партия АСУнун алдына ала жыйынтыгы менен макул эместигин жана кол менен саноону талап кылганын жарыялашты. Алардын айтымында добуштар жоголгон. Эртең менен беш партия кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетинин отставкасын талап кылышты.

Мыйзамга ылайык, шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол санактан кийин чыгарылат. Азырынча добуштарды кол менен саноо бүтө элек.