Шайлдабекова: Бир таблицада кичинекей формула туура эмес жазылып калган

Нуржан Шайлдабекова

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодо добуштардын алдын ала жыйынтыгы чыгып жатканда катталган сайттагы үзгүлтүк боюнча комментарий берди.

Анда 80%дан ашык автоматташтырылган үкөктөрдүн жыйынтыгы сайтка чыккандан кийин, система убактылуу иштебей калды.

БШКнын сайтындагы маалыматтар туура эмес экени ага чейин эле байкалган. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан.

БШК бир канча убакытка маалыматтарды өчүрүп, андан соң сайтка жаңы маалыматтарды жүктөдү, бирок анда деле системада мүчүлүштүк бар экени айкын болду. Мисалы, бир мандаттуу округдар боюнча добуш бергендердин саны менен БШКнын добуш бергендер тууралуу маалыматынын ортосунда 2000 киши айырмачылык болду.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес.

Негизги системада эч кандай мүчүлүштүктөр жок, системанын баары бекем иштеп жатат. Маалыматтардын эсебин текшерип коюу оңой. УШКларда байкоочулардын баары АСУдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын алып жатышат, кол санакка чейин. Ар бири сайттагы маалыматтарды салыштырып көрсө болот», — деп түшүндүрдү БШКнын төрайымы.

Азыркы тапта «Эл Үмүтү» шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жалгыз партия эмес. Беш партия сайттагы маалыматтардын туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап жатат. Мисалы «Улуттар биримдиги» 17 миң добуш жоготконун билдирсе, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 30 миңге жакын добуш уурдалганын айтууда.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы алардын 40 миң добушу жок болуп кеткенин билдиришти. Булардын баары добуштардын кол менен саналышын талап кылып жатышат. Жалпысынан, мыйзам боюнча добуштардын кол санагы артыкчылыктуу болуп саналат. АСУнун жыйынтыктары дайыма эле алдын ала маалымат деп эсептелет.