Таалайбек Усубалиев коргоо министринин биринчи орун басары болду

Коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Киришеев кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ордуна Таалайбек Усубалиев дайындалды.

Усубалиев тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2004-жылы Усубалиев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу жана баңгизаттын алдын алууга көмөктөшүү программаларын жетектеген.