«Клооптун»* байкоочулары 28-ноябрга караган түнү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге берилген добуштарды саноого байкоо жүргүзүштү. Алар Округдук шайлоо участкаларында кол санактын протоколдору кантип массалык түрдө кайра көчүрүлүп жазылганын аныкташты. ОШК мүчөлөрү байкоочуларга процессти видеого тартууга тыюу салып, участкалардан кууп жатышты.

*«Клооп Медиа» фонду шайлоону мониторинг кылуу үчүн юридикалык аккредитация ала алган эмес — акаредитациялоо өтүнүчү четке кагылганы тууралуу катка БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеевич кол койгон. Ошондуктан аккредитацияны биздин фонддун экинчи юридикалык жагы алды — «Коомар Медиа». Бирок окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн биз бардык жерге «Клооп» деп жазабыз.

Шайлоо участкалары жабылгандан кийин УШК мүчөлөрү дароо депутаттыка талапкерлердин добуштарын кол менен санай башташты. Кол санак аяктагандан кийин алар жыйынтыктоочу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн байкоочуларга бериши керек болчу.

Бирок өлкө боюнча көптөгөн участкаларда байкоочуларыбызга ошол протоколдор берилген эмес. УШК мүчөлөрү аларды ОШК текшериши керектигин айтып берүүдөн баш тартышкан.

Ош облусунун Октябрь айылындагы №5004 участкасында да ушундай болду. «Клооптун» байкоочусунун айтымында, ал жакта протоколдорду толтурбастан эле ОШКга алып кетишкен.

Оштун дагы бир №5290 участкасында УШК мүчөлөрү ксерокөчүрмө жасаган аппараты жоктугун айтышкан. «Клооптун» байкоочусунун айтымында, УШК мүчөлөрү добуштарды санап бүткөндөн кийин маалыматтарды ОШКга өткөрүп берүү үчүн протоколдорду АСУдан өткөрүшкөн.

Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылындагы №3214 УШКсынын мүчөлөрү участканы жаап, «Клооптун» байкоочуларын үйлөрүнө кетирип салышкан. Алар ОШК протоколдорун кабыл албай жаткандыктан көчүрмөлөрдү бере албастыгын айтышкан.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы №2336 УШКнын төрагасы башы ооруп жаткандыктан протоколдорду толтура албасын билдирген. Ошондуктан УШК мүчөлөрү бардык бюллетендерди чогултуп алып ОШКга жөнөп кетишкен.

«Клооптун» байкоочуларына округдук участкалар дагы кол санактын жыйынтыктарын көрсөтүүдөн баш тартышкан. №35 ОШКнын мүчөлөрү бул үчүн тийиштүү ксерокөчүрмө машинасы жоктугун айтышкан.

«Клооптун» шайлоо командасы алгачкы жана акыркы протоколдордогу айырмачылыктарды текшерип, жыйынтыгын коомчулукка маалымдайт.

Протоколдорду көчүрүп жазып, акт түзүшкөн эмес

Округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жыйынтыктоочу протоколдорду кайра көчүрүп жазып, өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу акт түзүшкөн эмес. Биздин байкоочулар бир катар ОШКда документтерди кайра көчүрүп жазууда байкалган таң калычтуу жагдайларды аныкташкан.

№35 Ак-Суу шайлоо округунун мүчөлөрү, протоколдорду, болжолу менен, административдик имараттын жертөлөсүндө — кошумча жашыруун бөлмөдө кайрадан көчүрүп толтурушкан. ОШК мүчөлөрү биздин байкоочу камерага тартып жатканын байкап, видеону өчүрүүнү талап кылышкан.

Биздин байкоочунун эскертүүсүнө округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү «байкоочуга көңүл бургудай убактылары жок» экенин айтып жооп беришкен.

№29 Свердлов ОШКсында дагы «Клооптун» байкоочуларынан жашынышкан. ОШК мүчөлөрү участкалардын документтерин башка залда кабыл алышкан, ал эми байкоочуларга ал жакта «баарын күтүп жатабыз» деген шылтоону айтып коюшкан.

Байкоочулардын айтымында, залда бекинип алып эч кимди киргизбей коюшкан. Ошол эле маалда ОШК мүчөлөрү ал жерден документтер салынган сейф-баштыктарды көтөрүп чыгып турган.

Биздин байкоочулар Сокулук, Ленин, Өзгөн жана Талас округдук шайлоо комиссияларында протоколдор өзгөртүлгөнүн аныкташкан.

№14 Жалал-Абад жана №8 Төлөйкөн ОШКсына жөнөкөй карандаш менен толтурулган протоколдорду алып келишкен. Кийин аларды ручка менен кайрадан көчүрүп жазышкан.

Ошондой эле участкалык комиссиянын мүчөлөрү протоколдордогу бир нерсени канцелярдык замазка менен өчүрүшкөн. Байкоочулар мындай көрүнүшкө Манас жана Төлөйкөн округдарында күбө болушкан.

№15 Базар-Коргон округунда биздин байкоочулар УШК төрагалары жана мүчөлөрү протоколдорду төрт башка аудиторияда толтуруп жатканын видеого тартып алышкан.

«Адам болгондон кийин жаңылабыз да», — деп даяр протоколдорду оңдоп жаткан Нарын ОШКсынын мүчөлөрүнүн бири да билдирди.

№10 Куршаб округунда байкоочулар ОШК мүчөлөрү каталарды оңдогула деп участкалык комиссиянын протоколдорун кабыл албай жатканын белгилешкен.

№30 Ысык-Ата ОШКсынын мүчөлөрү протоколдорду массалык түрдө кайрадан көчүрүп жазуу менен чектелбестен, кесиптештеринин ордуна кол да коюшкан. «Клооптун» байкоочуларынын эскертүүсүнө «жөн гана дагы бир нусканы» жазып жатабыз деп жооп беришкен.

Ошондой эле байкоочулар УШК мүчөлөрү протоколго АСУнун чегиндеги маалыматтарды көчүрүп жазып жатканын тартып алышкан. Болбосо, протоколго кол санактын маалыматтары гана жазылышы керек болчу.

Мындан сырткары, мыйзамга ылайык, протоколго өзгөртүүлөр киргизилген учурда акт түзүлүшү керек. Бирок «каталарды» оңдогон коммисиялардын көбү андай кылган эмес.

Биздин Кара-Суу шайлоо округундагы байкоочубуз билдиргендей, түнкү саат бирде УШКлардын биринин өкүлдөрү келип, жыйынтыктоочу протоколду кайрадан жазышкан. Ошол эле маалда, өзгөртүүлөр киргени тууралуу акт түзүүдөн баш тартышкан.

«Биз жөн гана саноодон жаңылып калдык, эч нерсени өзгөрткөн жокпуз», — деп алардын сөзүн байкоочубуз бизге айтып берди.

Дал ушундай фактылар №4 Көк-Жар округунда жана №12 Өзгөн округунда дагы байкалган.

№22 Жайыл округунда УШК мүчөлөрү протоколдор өзгөргөнү тууралуу жөн гана акт түзүүдөн баш тартып тынышкан.


«УШК [мүчөлөрүнүн] көбү пропорционалдык система боюнча протоколдун төмөнкү бөлүгүн кантип толтурууну билишкен эмес. Кээ бир УШКлар жолдо баратып же ОШК кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин толуктап жазып же оңдошкон.

Видеодон УШК төрагасы жазылбаган таза протоколду алып жүргөнүн да көрүүгө болот. Эскисин көрсөтүүдөн баш тарткан. Катышкандардын баары ачууланып, жаңы системага даттанышты», — деп айтып берди «Клооптун» байкоочусу.


№12 Мырза-Аке округдук комиссиясынан УШК мүчөлөрү үлгүрбөй жатканын, актылар кийин түзүлөрүн айтышкан. Натыйжада биздин байкоочулардын эскертүүлөрү кулак сыртында калган.

Комиссия мүчөлөрү баарын эрежеге ылайык кылган учурлар да жок эмес. №27 Биринчи май райондук округдук комиссиясында УШК мүчөлөрү протоколдо ката кетирип алышкан. А бирок алар аны ошол жерден оңдоп, дароо протоколго өзгөртүү киргени тууралуу акт түзүшкөн.

Байкоочуларга басым

Биздин байкоочулар ОШК мүчөлөрү тарабынан басымга кабылганын көп айтышты. Аларга орой мамиле кылынып, имаратка киргизбей, фото жана видео съемка кылууга тыюу салып жана телефондордун тартып алууга чейин барышкан.

№26 Ленин ОШКасында байкоочуларыбызга протоколдорду сүрөткө тартууга тыюу салышкан. Комиссия мүчөлөрү аларга ишке тоскоолдук кылып жатканын, мыйзамда съёмкага тыюу салынганын жүйө кылышкан.

Бул боюнча биздин байкоочулар комиссия төрагасынын атына даттануу жазып, бирок ал аны кабыл алуудан баш тарткан. Алгач ал бошобой жатканын, кийин съёмкага мыйзам тыюу саларын, дегеле байкоочулар имаратта жүрбөшү керектигин айткан. Натыйжада ачууланган төрага биздин байкоочунун телефонун жулуп алган.

Башка видеодо «Клооптун» байкоочусу протоколдорду алдын ала кол коюлган бош нускага кайра көчүрүп жазып атканын тартып алган. Анда белгисиз адам комиссия мүчөлөрү менен бирге «“Клооптун” байкоочулары заебали» деп сөккөн.

Бир учурда ал байкоочубузду коркутуп баштаган. Алгач ал сөгүнүп-сагынып, кийин камераны өчүрүп «сүйлөшүүгө» чакырган.

Ал байкоочубуздан «кыргызсыңбы-жокпу» деп сурап, терс жооп уукандан кийин сөгүнгөнүн уланткан. Андан соң ал киши байкоочуну сүрөткө тартып алган. Биздин байкоочу андан күбөлүгүн көрсөтүүнү сураганса, алгач, аты-жөнүн айтып, документин көрсөтүүнүн ордуна тамекинин кутусун көрсөтүп, имараттан шаша-буша чыгып кеткен.

Чүй облусундагы №23 ОШКсында байкоочубузду имаратка таптакыр эле киргизбей коюшкан. Комиссия мүчөлөрү ага залга кирип сүрөткө тартууга акысы жоктугун айтышкан. Дагы башка мүчөсү аны түртүп, телефонун тартып алууга аракет кылган.

Протоколдор саналып жаткан залдын жанында кезек жаралып, бул комиссия мүчөлөрү менен сыртта күтүп турган байкоочулардын ортосунда уруш-талашты жараткан.

№12 Мырза-Аке ОШКсында укук коргоо органдары бар деп протоколдорду сүрөткө тартууга тыюу салынган.

Комиссия мүчөсүнүн бири байкоочуга мындай айткан: «Милицияны, прокурорду көрдүңбү. Бизге протоколго, бюллетенге эч кимди жолотпогула дешти. Башыбыз менен жооп беребиз».

Свердлов ОШКсы биздин байкоочуларга 60 участканын ичинен үчтөн биринин гана протоколдорун сүрөткө тартууга уруксат беришкен.

Байкоочулардын айтымында, алгач комиссия мүчөлөрү бардык протоколдорду сүрөткө тартууга уруксат беришерин, кийин аларды сейф-баштыктарга салып мөөр менен бекитип салышканын айтышкан.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Добуштарды саноодо бурмалоого жол бербеш үчүн байкоочулар алгачкы жана өзгөртүлгөн протоколдорду каттого алышы керек. Себеп дегенде мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы кол санактан кийин аныкталат.

Шайлоо күнү БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетти — анда маалыматтар жаңылыш көрсөтүлүп жатты. Мындан улам бир канча партия шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап баштады.

Ошондуктан кол санактын жүрүшү ачык-айкын болуусу өтө маанилүү. Бирок иш жүзүндө, шайлоо комиссияларынын добуштарды кол менен саноосуна карата талаштуу суроолор арбын.