Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3-декабрга карата коронавирустан үч бейтап каза болуп, илдеттен 74 адам айыкты. Ал эми жуктуруунун 50 жаңы учуру катталды.
- Бишкек шаарында — 24;
- Чүй облусунда — 9;
- Баткен облусунда — 6;
- Ош облусунда — 5;
- Жалал-Абад облусунда — 3;
- Талас облусунда — 2;
- Нарын облусунда — 1.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 510го жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 478 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 755 адам көз жумду.
Учурда 394 бейтап ооруканада, ал эми 400 киши үй шартында дарыланууда.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 3-декабрга карата 9 895 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 014 адам биринчи дозасын, ал эми 4 881 киши экинчи дозасын алды.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.