«Ата Мекен» партиясы алардын талапкери Бектур Асановду штабдан УКМКга суракка алып кетишкенин маалымадады. Ошол эле учурда атайын кызматтын бул аракетине эмне себеп экени белгисиз — суракка чакыруу да келген эмес. УКМК Асановдун суракка алынып кеткенинин себебин азырынча айта элек.
«УКМК кызматкерлери Асановду жөн гана суракка алып кетип баратабыз деп эле айтышкан. Болду. Башка эч нерсе түшүндүргөн жок жана кайсы иш боюнча суралат деген суроого жооп берген жок», — деп айтышты партиядан.
Буга чейин Бектур Асанов УКМК төрагасы аны коркутканын, ал эми бийликке «бандиттер» келгенин айткан.
«Мени кече Ташиев досум коркутту. Равшан Сабировдун телефонунан жазып, чалып…», — деп айткан Асанов коомчулукка. Анын айтымында, УКМК төрагасы ага «сен жаман-жуман кишилерге кошулупсуң» деген. Асанов ага «мен сени дос деп эле саясий көз карашын өзгөртпөсүн» айтып жооп берген.
«Мен ага — коркутпа дегем. Анан энең, атаң калбагыча сөгүштүк. Менин оюмча Ташиев бул кызматка баргандан кийин, биринчи жолу ушундай сөккү укса керек», — деген Асанов.
Асанов аны коркутуулар токтото албайт деген. Ошондой эле, ал саясий оппонеттери — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президентти — эки жүздүүлүккө айыптаган.
«Мына Өмүрбек Чиркешович менен түрмөдө отурдук. Бүгүн биз менен түрмөдө чогуу отурган эки жигит келип, колумду кысып кетти. Ташиев дагы отурган Садыр дагы отурган. Түрмөдө дагы биз эркекче отурдук. Эркекче отурдук. Түрмөдө дагы биз намысыбызды алдырган жокпуз. Аларга окшоп кылдыңдап, эки жака секирип бир кара, бир кызыл, бир дагы башка жагына кирип... Бирде өзүнө-өзү бычак сайып, бирде Атамбаевди макташып, Атамбаевдин алдында сынып оңкоюп-тоңкоюшканын жакшы билебиз. Бизде андай болгон эмес. Биздин Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы, Атамбаевдин дагы “каралары” коркута алган жок», — деген ал.
Бектур Асанов деген ким?
Бектур Асанов 2009-2010-жылдары Кыргызстандын Пакистандагы элчиси жана Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген.
Ал Улуттук оппозициялык кыймылдын да лидери болгон. 2015-жылы ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевди Бишкектин Райондук аралык сотуна берген. Асанов Атамбаевди мыйзамды бузуп, өзү түптөгөн КСДП партиясын колдогон деп айыптаган.Андан кийин 2016-жылдын март айында экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков менен биргеликте «Бийликти күчкө салып тартып алуу» беренеси менен кармалып, 12 жылга кесилген. Бирок Асанов менен Кадыров 2019-жылдын февраль айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Ал эми Карыбековдун жаза мөөнөтү 11 жылга чейин кыскартылган.
2018-жылы январда оппозиционерлер үч жумадан ашык созулган ачкачылык жарыялашкан. Алар ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди соттун чечимине таасир берген деп айтып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
Кийинчерээк 2019-жылдын февралында сот мурдагы депутаттарды мунапыс менен бошоткон. Эркиндикке чыкканда Асанов менен Кадыров ошол убакта президент болуп турган Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдошорун айтып чыгышкан.
2020-жылдын августунда Асанов президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасап, Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго карата чара көрүүгө чакырган. Президенттин аппаратынан ага жооп беришкен эмес.