Социалдык тармактарда 1-декабрда «Ата Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Санжар Тилеков аттуу жаран «кол салды» делген маалымат тараган. Окуяга президенттик администрациянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек үн катты. Эмне болуп жатат?

Фейсбуктан алынган скриншот

Фейсбукта жарыяланган коллажда Тилековдун президент Садыр Жапаров жана башкы прокурор Курманкул Зулушев менен, ошондой эле, президентти колдоп жүргөн активисттер Бакай Кашкарбаев жана Бекзат Өмүрбеков менен түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Ошол эле күнү кечинде Тилеков түз эфирге чыгып, ал учурда Баткен облусунда «иштер менен» жүргөнүн, Текебаевдин сабалганы боюнча кабары жоктугун белгилеген.

«Мен Текебаев боюнча билген да эмесмин, уккан да эмесмин. “Текебаевди эл жаман көрөт, ушундай кыла берсе эл жазасын берет” деген постумдан пайдаланып, ошону элге көрсөтүп жалган маалыматтарды тартышууда», — деген Тилеков.

Көп өтпөй «Акипресстин» Баткендеги кабарчысы Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБдин алдында түз эфирге чыгып, Тилековдон маек алган. Анда Тилеков базарда иштерин айтып, «учурдагы бийликти колдой турганын» билдирген. Ошондой эле ал Текебаевге кол салууга «эч кандай тиешеси жок» болгонун айткан.

Мындан сырткары, активист ал тууралуу «фейк маалыматтарды “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынын тарапташтары таратты» деп баса белгилеп, алардын үстүнөн милицияга арыз жазганы келгенин билдирген. Тилеков кийинчерээк алардын үстүнөн сотко да даттана тураганын кошумчалаган.

Анткен менен «Ата Мекен» партиясынын тарапташтары бул маалыматты төгүндөөдө.

«Байтерек чалып жатат»

Ал эми түз эфир жүрүп жатканда Санжар Тилековго таанышы келип «Байтерек чалып жатат» деген. Ал арада Тилеков журналистке «өчүр, өчүр» деп айтканын көрүүгө болот. Бирок журналист Галымбетова учурда түз эфир болуп жатканын эске салган.

Андан соң Тилековдон «буга чейин Өмүрбек Чиркешович менен мамилеңиз болгон беле, эмнеге сизди шектеп жатышат» деген суроо узаткан.

«Мен чындыгында эмоционалдуу сөздөрдү жазгам. “30 жыл бийликте турдуңуз, эми азыр ызы-чуунун кереги жок, чагымчылдыктын кереги жок, Кыргызстанга тынчтын керек, канча революция өткөрдүк, токтотуңуз, пенсияга чыгыңыз” деп жазгам да. Балким ошондон колдоочуларынын ачуусуна тийип койдум го», — деген ал.

Ошондой эле ал учурдагы бийликти эмне үчүн колдой турганын да түшүндүрүп берген.

«Айрыкча Баткенге өзгөчө статус берип жатканы, Таласты дотациядан чыгарып кеткени, пенсия менен пособия көбөйүп жатканы үчүн колдойм», — деп айткан Тилеков.

Ал эми түз эфирдин аягында Баткен ОИИБдин жетекчиси Мурат Боронов алар соцтармактардан Тилеков боюнча тарап жаткан маалыматты көрүп, ошондон улам териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

«Санжар деген бала ички иштер башкармалыгына өзү келди, “мен саат 2ден баштап базарда иштеймин, эми келдим” деди. Биз тергөөчүгө өткөрүп бердик, ал тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүп жатат», — деген Боронов.

Кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» Тилеков келип түшүнүк кат жазып кеткенин белгилеп, кат Бишкектин Биринчи май РИИБисине жөнөтүлгөнүн айтышты.

Галина Байтерек

Галина Байтеректин түшүндүрмөсү

Ал эми президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы, өлкө башчынын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтерек эмнеге Санжар Тилековго чалганы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Тилековдун таанышы чалып, ага каралоо болуп жатканын билдирген. Анын пикиринде, «Санжар өзүнүн аброюн сактап калыш үчүн аягына чейин күрөшүүсү зарыл».

«Коомчулукта азыр адамдын атын бир заматта булгап койсо болорун, күнөөсүз жерден күнөөлүү кылып коё турган күчтөр бар экенин, буларды тыюу керек экендигин айтып, бир топко нааразылыгын айтты. Көрсө ал белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салган адам катары өзүнүн таанышы Санжар аттуу жигитти каралап, күнөөлөп жатышкандыгын айтып, нааразылыгын билдирди […] Жок жерден жаманатты болгон туура эмес! Бул анын жарандык укугу! Болгону ушул! Анан бул кейиштүү окуянын сценарийин мен жазып берди дегендердин фантазиясына жол болсун! Күлкүнү гана келтирген окуя...», — деп жазды Байтерек.

Санжар Тилеков деген ким?

Санжар Тилековдун Фейсбугундагы аккаунтунан ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жигердүү колдоочусу экенин байкоого болот. Анткени, ал жыйынтыгы жокко чыккан октябрдагы шайлоодо «Мекенчил» партиясынын үгүт иш-чараларына катышып жүргөн.

Жапаров менен Ташиев бийликке келгенден кийин алардын саясатын колдогон ондогон постторду жарыялаган. Ошондой эле учурдагы бийликке оппозиция болгон саясатчыларды жана активисттерди сындап бир канча билдирүүлөрдү жасаган.

Тилеков парламенттик шайлоодо Ташиев менен байланыштуу делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясындагы талапкерлерди колдогон. Ал эми шайлоодон кийин Фейсбуктагы баракчасына «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди «каралаган» постторду өзүнүн баракчасына байма-бай бөлүшүп турган.

Ал эми 1-декабрда Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонго чейин «Теке сага өтө көп жолу эскертүү берилип жатат. Көздү ач» деп жазып, Чүй жана Токмоктун тургундарынын видео кайрылуусун бөлүшкөн.

Тасмада Токмок шаарынын 100дөй тургунуну «үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканын» айтышкан

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы 2-декабрда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктаган. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы Текебаевге кол салууга шектеп ошол эле күнү кечинде Чүйдүн Токмок шаарынын тургунун кармаган. Кийин саясатчы ага кол салган киши ал эмес экенин айтып чыкты.