Эл аралык (IFC)* финансылык корпорациясы «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү боюнча долбоордун консультанты болуп жактырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
*IFC — Дүйнөлүк банктын тобунун мүчөсү. Бул өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторго багытталган ири глобалдык өнүктүрүү институту. IFC өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө рынок жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн таасирин, өз капиталын жана тажрыйбасын колдонуп дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө иштейт.
«Манас» эл аралык аэропорту үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) долбоору 1-декабрда аэропорттун акционерлеринин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү. Аны Экономика жана комерция министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана IFC’нин өкүлдөрү тааныштырды.
Презентациянын соңунда министрлик менен IFC өз ара консультациялык жана финансылык кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди кабыл алышты.
«IFC’нин алдына коюлган милдеттердин алкагында “Манас” эл аралык аэропорту үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун структуризациясы жана көп тараптуу эксперттик баа берүүсү жүргүзүлөт. Ошондой эле “МЭА” АККтарында (техникалык, укуктук, жаратылыш жана социалдык) изилдөөлөр, финансылык анализ, болжоо жана инфратүзүмдүн диагностикасы жүргүзүлөт», — деп билдиришет басма сөз кызматтан.
«Манасты» тышкы башкарууга өткөрүү
Аэропортту тышкы баркарууга берүү идеясы 2019-жылы эле жаралган. Анда жумушчу топ түзүлүп, ага көз карансыз эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, бизнес-ассоциациялар, «Манас» эл аралык аэропорт ААКнын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Демилгени экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев активдүү сүрөмөлөгөн.
Жумушчу топ IFC менен кызматташууну жана аны «“Манас” Эл аралык аэропорту ААКын модернизациялоо жана өнүктүрүү» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо кеңешчи кылып дайындоону чечкен.
Анда өкмөт эл аралык адистердин иши үчүн акча төлөнбөсүн жана анализ акысыз жасаларын билиришкен эле.Эл аралык финансылык корпорациясындагылар кирешелүү аэропортторду эле эмес, калгандарын да өздөрүнө алууну сунушташкан. Мисалы, «Манас» менен биргеликте дагы эки-үч аэропортту өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү айтылган.
Мунун эмне кереги бар?
2020-жылы Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жетекчиси Данияр Абдылдаев МЖӨ механизми мамлекеттик кызычылыкты баарынан да жакшы коргой турганын түшүндүргөн.
«Аэропорттун түзүмүн, тейлөөнүн сапатын, бул багыттын кирешелүүлүгү менен пайдалуулугун көбөйтүү керек, ошондой эле жабдыктарын жакшыртуу керек. Буга чейин өкмөт тараптан инвестиция тартуу аракеттери көрүлгөн. 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында инвесторлорлу тартуу аракети болгон, бирок майнап чыккан эмес», — деп белгилеген Абдылдаев.
Ошондой эле ал аэропортту МЖӨгө өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн ачыктаган болчу — аталган механизмге ылайык, бул эң көп дегенде 30 жыл.
«Аэропорт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча колдонууда болгондо, мамлекет киреше ала берет. Анализге жараша ал балким 50/50 же 60/40 болот. Бул эл аралык тажрыйба. Мисалга, Стамбулда (Түркия) МЖӨ принциби боюнча иштеп жаткан жаңы аэропорт курулган», — деп билдирген Абдылдаев.
Минкаб аталган тажрыйбаны колдонуу «Манас» аэропортун 2023-жылга барып Борбор Азиядагы эң башкы авиахабдардын бирине айланта алат деп эсептеген.