Москвада кыргызстандык таксист октон жарадар болуп ооруканага түштү

3-декабрда Москва шаарынын борборунда таксист болуп иштеген А.А аттуу кыргызстандыкка травматикалык тапанчадан ок атылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин маалыматына ылайык, жабырлануучу 23 жашта. Ал ооруканага жаткырылган. Бирок элчилик кыргызстандыктын абалы тууралуу маалымат берген жок.

«Бул факты боюнча Россиянын Москва шаарынын ОМВДнын Тверь району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө, шектүү адам кармалды. Бул маселени элчилик өз көзөмөлүнө алып, Кыргызстандын жаранына зарыл болгон консулдук жардам көрсөтөт», — деп белгилешти элчиликтен.

Москва прокуратурасы өз телеграм-каналында бул иш боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун жана көзөмөлдөөчү орган «Иликтөөнү өз көзөмөлүнө алганын» билдирди.

«РИА Новостинин» маалыматына ылайык, кыргызстандыкка жол чырынан кийин ок атылган.

«Чыр-чатак такси айдоочусу, жүргүнчүсүн күтүп “аварийкасы” менен унаа өткөн жолдун чет жагына туруп алгандан кийин башталган. Cadillac’тын айдоочу өтүп кетейин деп бирок өтө албай калган. Анда таксист менен айдоочу кайым айтышып, андан кийин мушташа кетишкен, андан соң кымбат иномарканын айдоочусу таксистти травматикалык тапанча менен аткылап салган», — деп жазат агеттик укук коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып.