Декларация 2019-2020. Депутат Гүлшат Асылбаева эки жылда дээрлик 1,5 млн сом киреше тапкан

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорунун демилгечиси Гульшат Асылбаева 2019-жылы 746 678 миң сом киреше тапкан. Бул сумманы ал декларациясында көрсөткөн. Документте чыгымдары тууралуу маалымат жок, бирок аянты 128 чарчы метр батири жана 74 чарчы метр имараттары бар.

Жакын туугандарынын мүлктөрү жана кирешелери көрсөтүлгөн эмес.

Ал 2020-жылы кирешеси катары 670 350 сомду көрсөткөн, бирок бул жерде да канча чыгым кылганы жана жакындарынын мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес. Анын мүлктөрү өзгөргөн эмес. Жыйынтыгында эки жылда 1 417 028 сом кирешеге ээ болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казактардын брикмесинин директору. Мурда «Коньяк үйүнүн», «Джун Соунун», «Диамант Компани» турагенттигинин негиздөөчүсү, ошондой эле, «РексАр» компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири катары көрсөтүлүп жүрчү.

«Джун Соу» азык-түлүк, тамеки жана суусундук сатуу менен алектенчү, негиздөчүлөрүнүн арасында Асылбековадан башка да ХУ Ии аттуу кытай жараны бар болчу. Экөө тең 2020-жылдын февралында компаниянын курамынан чыгып, Азат Дүйшөбаев компаниянын жалгыз ээси болуп калган. Ал ЖМКлардын маалыматына ылайык, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин уулу болушу мүмкүн.

«РексАр» да соода сатык менен алектенген, кайра каттоодон кийин негиздөөчүлөрдүн тизмесинен үч киши чыгып кеткен, алардын катарында Асылбаева да болгон. Азыр анын директору —Илья Ахметов.

«Диамант Компани» Асылбаева, Дүйшөбаев жана Кытайдын жараны Чжу Мэнюанем менен байланыштуу болгон. Фирма 2018-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда негиздөөчүлөрдүн тизмесинде Айдар Уржанов эле бар.

Жалпысынан Гүлшат Асылбаеваны тууралуу Юстиция министрлигинин сайтынан издегенде алты компанияга байланышы бар экени көрүнөт.