Талапкер Акбөкөн Таштанбеков «региондор аралык кастыкты» козутууга шектелип камакка алынды

Акбөкөн Таштанбеков

Чүй облусунун №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-декабрда кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-декабрда Таштанбековду кылмыш жоопкерчигине тартууга уруксат берүү боюнча отурум өттү. Анда УКМКнын тергөө кызматынын бөлүм башчысы Улук Бараканов 2-декабрда Таштанбековдун катышуусунда видео тараганын эске салды. Тергөөнүн версиясы боюнча, талапкер видеону тарткан кишини кемсинтип, «улуттар жана региондор аралык астыкты» козуткан.

Бараканов бул факты боюнча «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми Таштанбеков талапкер болгондуктан УКМК аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга өтүнүч менен кайрылган.

Отурумга катышкан Таштанбековдун өкүлү Айгүл Абдрасулова аталган видео үч жыл мурун тартылганын жана ал «турмуштук чыр-чатак» болгонун белгиледи. Ошондой эле ал видеону таратып жаткан Болот Айдарбеков аттуу киши Биринчи май райондук сотунда айыпталуучу катары өтүп жатканын, ал эми Таштанбеков ал иш боюнча күбө болгонун кошумчалады.

Мындан сырткары, Абдрасулова видеону таратып жаткан Айдарбековду да жоопкерчиликке тартуу керектигин белгиледи. Ал эми УКМКнын өкүлү тергөөнүн жүрүшүндө Айдарбековдун аракеттерине да баа бериле турганын билдирди.

Боршайкомдун мүчөлөрү атайын кызматтын өтүнүчүн бир добуштан канааттандырды.

«Кандай чечим кабыл алынбасын ал талапкердин статусуна таасир этпейт. Акбөкөн Таштанбеков талапкер бойдон калып жатат», — деди Шайлдабекова.

Талапкердин өкүлү тергөөнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылмай болду. Ал эми Шайлдабекова БШКнын чечимине нааразы болгон тараптар сотко кайрыла алат деп кошумчалады.

Боршайкомдун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Таштанбеков №30 Ысык-Ата шайлоо округунан эң көп добуш алды — 15,99%. Саясатчы «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери. Аталган партия 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо 0,17% добуш алган.