Кичинекей кезде бизди ата-энебиз жуунтат, ал эми чоңойгондо өзүбүз көрүп үйрөнгөндөй жуунабыз. Бирок эч ким туурасы кандай болорун, эмне үчүн ич кийимди тез-тез алмаштырып, жыныс мүчөнү бат-баттан жууп туруу керектигин айтпайт — анткени менен күтүлбөгөн ооруларды жуктуруп албаш үчүн бул өтө маанилүү.

«Секс талкуу» видеопадкастыбыздын төртүнчү чыгарылышында жеке гигиена тууралуу кеп козгойбуз. Биздин алып баруучулар денедеги түктөрдү кантип кыруу керектигин, дегеле аны кыруу керекпи-жокпу айтып беришет.

Суроолоруңуз же бөлүшө турган окуяларыңыз болсо комментарийге жазыңыз же төмөндөгү шилтемени толуруп жөнөтүңүз. Анонимдүүлүк сакталат: https://forms.gle/8SxZWsAEQSRbUac29

Эгерде чыгарылышты толук көрүүгө убактыңыз жок болсо, видеоподкасттын баяндамасында даярдалган  таймкоддорду басып, керектүү жерлерин гана көрсөңүз болот.