FHI 360 ишке ашырган USAID уюмунун «Жигердуу жарандар» долбоорунун алкагындагы өнөктөш материал

Кыргызстанда күн сайын зомбулуктан жапа чеккен жүздөгөн аялдарга жардам көрсөтүүчү 17ге жакын кризистик борборлор иштейт. Мында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга психологиялык, юридикалык жана медициналык жардам көрсөтүлөт — документ толтурууда көмөктөшүп, сот залында коштоп жүрүшөт. Андан тышкары, кризистик борборлордо убактылуу баш калкалоочу жай да берилет.

Кризистик борборлордо аялдарга абьюзивдүү мамиледен күнөөкөр болбой, уялбай-корунбай чыгып кетүүгө жардам көрсөтө алган адамдар иштейт. Биз Кыргызстандагы кризистик борборлор тууралуу беш фактыны топтодук жана алардын жайгашкан орду боюнча интерактивдүү картаны сунуштайбыз.

1-факты

Кыргызстандагы алгачкы кризистик борбор 1997-жылы түптөлгөн

1997-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу «Үмүт» кризистик борбору ачылган. Бул Борбор Азиядагы биринчи кризистик борбор болуп калды. Андан бери өлкөдө башка да көптөгөн борборлор ачылып, 2001-жылы алар ассоциацияга биригишкен.

2-факты

Кризистик борборлор акысыз жардам көрсөтөт

Кризистик борборлордо жардам көрсөтүү, баш калкалоочу жай менен камсыздоо акысыз жүргүзүлөт. Кризистик борборлор Кыргызстандын бардык облустарында адамдарга жардам көрсөтөт. Өлкөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүдө мындай борборлордун иштеши абдан маанилүү.

3-факты

Кризистик борборлор жылына миңдеген аялдарга колдоо көрсөтөт

2019-жылы кризистик борборлорго 6,7 миңге жакын адам кайрылса, алардын 90%ын аялдар түзгөн. Ал эми 2020-жылы жардам сурап кайрылгандардын саны андан көп болгон — 9,9 миң адам, булардын көпчүлүгү аялдар. Жардамга муктаждардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер.

4-факты

Кризистик борборлорго эркектер дагы кайрылышат

2020-жылы кризистик борборлорго кайрылган 9,9 миң адамдын 1,3 миңге жакыны эркектер болгон — алардын көпчүлүгү 18 менен 40 жаштын ортосундагы куракта. Борбордо эркектер зомбулуктун күнөөкөрлөрү үчүн коррекциялык программадан өтүшөт. Бул жүрүм-турумду мажбурлап оңдоп-түзөө эмес, агартуу жана психотерапия.

5-факты

2021-жылы алгачкы мамлекеттик кризистик борбор ачылган

Буга чейин Кыргызстанда бейөкмөт кризистик борборлор иштеп келген. Мамлекет аларга дээрлик эч кандай жардам берчү эмес. Бирок 2021-жылы Бишкекте эң алгачкы «Аялзат» муниципалдык борбору ачылган. Анда аялдар адистерден жардам ала алышат. Аны менен катар, «Аялзатта» башпаанекке муктаж балалуу аялдар үчүн 60 орун каралган.

Материал USAID уюмунун «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен «гендерлик зомбулукка каршы 16 күндүк» акциянын алкагында даярдалды. Макаланын мазмуну үчүн Kloop.kg жооптуу жана ал USAID, FHI 360 же АКШ өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.