COVID-19: Эки киши каза болду, 68 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 11-декабрга карата коронавирустун 68 жаңы учуру катталды.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 29;

Чүй облусунда — 15;

Жалал-Абад облусунда — 6;

Ысык-Көл облусунда — 6;

Ош облусунда — 6;

Баткен облусунда — 3;

Ош шаары — 1;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 1.

Мындан сырткары, өткөн суткада илдеттен эки адам каза болуп, 57 бейтап айыкты.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 931ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 962 киши оорудан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 768 адам көз жумду.

Учурда 347 бейтап ооруканада, ал эми 371 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-декабрга карата 9 393 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 260 адам биринчи дозасын, ал эми 5 133 киши экинчи дозасын алды.