БШК: Бир мандаттуу 12 шайлоо округу боюнча парламентке өткөн депутатар белгилүү болду

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда бир мандаттуу сегиз округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, аны өттү деп тапты. Комиссия эртеси күнү дагы төрт шайлоо округу боюнча жеңген талапкерлердин ысымдарын атады.

Алсак, Жогорку Кенештин шайланган депутаттары төмөнкүлөр:

  • Базар-Коргон округунан Айбек Алтынбеков;
  • Ноокен округунан Бактыбек Сыдыков;
  • Жайыл округунан Нурланбек Азыгалиев;
  • Москва округунан Карим Ханджеза;
  • Ош округунан Айбек Осмонов;
  • Октябрь округунан Дастан Бекешев;
  • Нарын округунан Улан Бакасов;
  • Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков;
  • Өзгөн округунан Эльмурза Сатыбалдиев;
  • Куршаб округунан Данияр Төлөнов;
  • Ала-Бука округунан Азизбек Турсунбаев;
  • Ак-Суу округунан Акылбек Тумонбаев.
Бир мандаттуу округдардын депутаттары. Коллаж

БШК милиция Азизбек Турсунбаевге карата массалык иш чараларда белектерди таратуу иши боюнча кылмыш ишин козгобоо чечимин чыгарганы кошумчалады. Ошондой эле административдик ресурс колдонуу боюнча иши иштин эсебинен которулуп, негизсиз деп табылды.

Ошол эле учурда Ала-Бука райондук прокуратурасынын сунушу менен Турсунбаевдин пайдасына админресурс колдонулганына байланыштуу облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Данияр Төлөновдун оппоненттери ал шайлоочулардын добушун сатып алган ыктымал деп билдиришкен. Бирок укук коргоо органдары факт тастыкталбаганын билдирип, БШК Төлөновду Жогорку Кенешке өткөрдү.