Иллюстративдик сүрөт. Сүрөттүн автору: Кайрат Замирбеков / Kloop.kg

«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы кышкы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгер сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо — анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! «Клооп Медианын» журналистика мектеби оффлайн форматта акысыз өткөрүлөт.

Бизден эмнени үйрөнөсүз?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Атап айтканда текст жазууну, сүрөткө тартууну, видеорепортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласыз.

Анан да акыркы учурда соцтармактарда ар түрдүү фейк маалыматтар көбөйгөнү баарыбызга маалым. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди үйрөнөсүз.

Эң маанилүүсү, биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттерден интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Идеяңызды сунуштап, социалдык көйгөйлөрдөн тартып саясий темада чоң материалдарды даярдасаңыз болот.

Мунун баарын сизге эки жумалык теориялык тренингде айтып беребиз. Тренингди «Клооптун» Оштогу журналисти Айбике Адилет кызы өтөт. Адилет кызы «Клооптун» 2019-жылдагы онлайн журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал 2020-жылдан бери журналист-редактор болуп иштеп келет.

Жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласыз — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сизге мобилдик телефондон видео тартып монтаждаганды, түз эфирге чыгууну үйрөтөбүз. Фото жана видео боюнча тренингди «Клооптун» оператор-монтажеру Тойчубек Боронбаев өтөт. Боронбаев да биздин онлайн журналистика мектебинде окуган.

Айбике Адилет кызы онлайн мектептин катышуучусу менен тексттин үстүндө иштеп жаткан чагы. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg

Мектеп качан башталып, качан аяктайт?

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы кышкы журналистика мектеби 2022-жылдын 17-январында башталып үч айга созулат.

Бул аралыкта сиз материал даярдап, 15 балл топтосоңуз, «Клооптун» мектебин аяктаганыңыз тууралуу сертификатка ээ болосуз. Биздин мектепти ийгиликтүү аяктап, беделдүү ЖМКларга жумушка орношкон студенттерибиз ондоп саналат.

Мектеп аяктагандан кийин деле сиз каалаган убакта биздин кеңсеге келип, материал даярдап тажрыйбаны арттырсаңыз болот.

Мектепке кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат, бирок тренинг жана практика Ош шаарында өтөөрүн эске алыңыз. Мектепке катышуу үчүн билдирме толтуруп, бизге жөнөтүшүңүз керек. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирмени мыкты толтуруп, өзүнүн мотивациясын так түшүндүрө алган катышуучулар маектешүүгө чакырылат. Интервьюдан ийгиликтүү өткөн 15 катышуучу журналистика мектебине тандалат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

Электрондук дарек: saadat@kloop.kg

Дарегибиз: Ош шаары, Алиев көчөсү, 161А.

Билдирмелер 5-январга чейин кабыл алынат.