Юрист Евгения Крапивина «Клооптун» журналисттерине 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине ылайык эски иштер декриминализация болуп жатканын айтып берди.
Крапивинанын айтымында, судья башка чечим чыгара ала албайт жана «ага ылайык, бир нече миң иш жөн гана кыскартылып кетет».
Ал 2021-жылдын июлунда Бишкек шаарында болгон окуяны мисал келтирди. Анда «Глобус» супермаркетинде Элина атту кызды бир киши бетке чапкан.
Сотто ал киши күнөөлү деп табылып, Жоруктар жөнүндөгү кодекске ылайык ага 30 миң сом айып салынган. Бирок 2021-жылы жаңы Жазык кодекси күчүнө кирип, Жоруктар жөнүндөгү кодекс күчүн жоготкон.
Натыйжада кызды чапкан киши өкүмдү даттанып жана акталган, ал эми Элинаны иши жабылган. Элинаныкындай окуя көп: юристтер азыр мындай окуялар жүздөп саналарын айтышууда.
«Аны жоопко тартабыз деп ушунча ай күрөшкөн элек. Кечээ шаардык сот [чечим чыгарды], кабыл алынып калган мыйзамдын чегинен чыга албайт, ал иштеп баштады, ал жерде болсо “[иш] декриминализация болгондуктан токтотулсун” деп жазылуу. Кылмышка тете эмес дегенсип, бирок биз муну кылмыш иши деп да квалификация кыла албайбыз, бул эми укук бузуу да эмес», — деп айтып берди Крапивина.
Ал жаңы кодекстердин негизинде соттордогу иштер массалык түрдө жабылып жатканын айтты. Юрист жабыркагандар үчүн соттук мындай чечимдери оор тийип жатканын кошумчалады.
Иши токтотулган Элина да бул жагдайга кандай реакция кылууну түшүнбөй жатат. Ал мындай акыбал аялдарды аларга карата болгон зомбулук тууралуу үн катпоого түртөт деп эсептейт.
«Сени эч ким колдобойт, бул жерде мыйзам да зөөкүр тарапка бурулуп жатат. Мыйзам начарлап, өлкөдө аялдардын жашоосу барган сайын кооптуу болуп баратат», — дейт Элина.
Жаңы кодекстер
Жаңы Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Жазык-аткаруу кодекстерин юристтер менен укук коргоочулар бир нече жолу сынга алышкан. Кодекстерди жаңылоонун демилгечиси 2021-жылдын апрелинде Башкы прокурор Курманкул Зулушев болгон.
Анда Зулушев кодекстердин кемчиликтери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан.
Андан кийин өзгөртүүлөрдүн үстүндө иштеген эксперттик топтор түзүлүп, ал тургай калаадагы мейманканалардын биринде Тегерек стол өткөрүлүп, ал «коомдук угуу» деп аталган.
Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен..
Алар президент Садыр Жапаровго жана алтынчы чакырылыштын депутататтарына кодекстердин реформасын жылдырууну талап кылып кайрылышкан.
Бирок бийлик жарандык коомдун сунуштарын эске албай, кодекстерди толук өзгөртүшкөн.