COVID-19дан эки бейтап каза болуп, 28 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 43 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 28 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Чүй облусунда — 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Ош облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 055ке жетти. Өлкө боюнча 179 123 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 775 адам көз жумду.

Учурда 317 бейтап ооруканада, ал эми 354 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-декабрга карата 9 341 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 131 адам биринчи дозасын, ал эми 5 210 киши экинчи дозасын алды.