Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болду

Футбол федерациясынын мурдагы башкы катчысы Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын сайтында маалымдалды.

Нуртазин Жетибаев

Аталган тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты Тилек Батырканов аркалап келген. Эми ал президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Жетибаев өз убагында өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Нуртазин Жетибаев ар башка тармактарда иштеген. 2008-2012-жылдары Футбол федерациясынын башкы катчысы болгон, кийин Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген, ал эми 2019-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси болгон.