Ош: Эксперттер Терешкова мектеп-интернатындагы шарттарды кыйноолор менен салыштырышты

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борборунун (КАУБ) Оштогу кызматкерлери Акыйкатчы институнун өкүлдөрү менен Валентина Терешкова атындагы №11 жатак мектебин текшеришти. Укук коргоочулардан турган эксперттик топ окуу жайдагы шарттарды «кыйноолорго салыштырышты».

Интернаттын тарбиялануучуларын кармоо шарттарында бир катар бузуулар аныкталды. Атап айтканда, имараттын китепканасында нымдуулуктун жыты урат, ал эми жуунуучу бөлмө иштебегендиктен окуучулар душка түшө албай келишет. Ошондой эле, укук коргоочулар даараткана сыртта жайгашканын белгилешти.

«Эс алуучу бөлмөдө жумшак эмерек, телевизор, оюнчуктар да жок. Бөлмөлөр жана коридор суук болгондуктан, абанын температурасы 17 градустан ашпайт. Төрт маал тамактануу үчүн жергиликтүү бюджеттен бир окуучуга күнүнө 60 сом гана бөлүнүп берилет. Ошондуктан тамак-аштын каллориясы аз болуп, белгиленген нормаларга жооп бербейт. Тагыраагы, ар бир окуучу үчүн белгиленген 50 граммдын ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилет», — деп билдирди КАУБдун өкүлү Улугбек Абдулазимов.

Мындан сырткары, эксперттик топ интернаттын санитардык нормалары да бузулганын белгиледи. Укук коргоочулар 18 керебети бар уктоочу бөлмөдө ар бир өспүрүмгө 2 чарчы метр туура келсе, курулуш нормалар боюнча 4 чарчы метрден кем болбошу керектигин эскертишти.

Ошондой эле, 36 чарчы метрлик окуу кабинетинде 20 тарбиялануучу билим алат — бул ар бир окуучуга 1,8 чарчы метр туура келет дегенди билдирет. Бирок санитардык нормалар боюнча ар бир адамга 2,5 чарчы метр каралышы керек.

Текшерүүнүн натыйжасы менен эскперттик топ интернаттын жаңы имаратын тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү сунушташты.

«Ошондой эле эксперттер жуунуучу бөлмөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ар бир окуучунун тамак-ашына бөлүнгөн каражатты 120 сомго чейин көбөйтүү тапшырмасын беришти», — деп билдиришти КАУБдан.

Маалыматка ылайык, интернаттын имараты 1960-жылдары салынган. Учурда ал жерде жетим балдар, социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдарынан турган 458 окуучу билим алат. Анын ичинен 350 өспүрүм мектепте туруктуу жашап келет.