Экс-депутат Карганбек Самаковдун иши кайрадан кароого жиберилди

Карганбек Самаков. Сүрөт: Кыргызтаймс

Жогорку соттун маалымат кызматы соттук коллегия мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча Бишкек шаардык соттун 2-сентябрда кабыл алынган чечимин жокко чыгарганын билдирди. Иш Бишкек шаардык сотуна соттун башка курамында жаңыдан кароого жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, Самаковдун жактоочусунун арызы жарым-жартылай канаатандырылды.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында, сот Самаковдун ишин кыскартканы маалым болгон. Ал 2015-жылдан бери жерлерди мыйзамсыз трансформациялоого айыпталган.

Экс-депутат 2018-жылы соттун өкүмүнө каршы даттанган. Анда Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин экс-депутат анын өкүмүнө кайрадан арызданган.

Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-февралында Жогорку сот мурунку инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, иш Бишкектин Октябрь райондук сотуна соттун башка курамында кайра кароого жиберилгенин жарыялаган.

Ошентип, райондук сот Самаковдун ишин кыскартып, шаардык сот бул чечимди колдоп, мүлктү камакка алуу бөлугүндө чечимди өзгөрттү. Самаков буга дагы макул болбой, кайрадан арыз менен кайрылган.

Жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо иши

Башкы прокуратура Карганбек Самаковго карата кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Экс-депутат 2008-жылы Чүй облусундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар айыл чарба багытындагы жерди калктуу конуштардын категориясына мыйзамсыз трансформациялоого айыпталган.

Айыпталуучулардын арасында Кубанычбек Самаков — экс-депутаттын уулу — ошондой эле Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдинов да бар. Сот аларды да күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга кескен. Кийинчерээк аларга да мунапыс колдонулуп, жаза өтөө мөөнөтү беш жылга чейин кыскартылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар трансформация болгон жер тилкелерин кымбат баада сатышкан. Бул иште аларга кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев жардам кылган. Өз кезинде сот аларды 10 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.

Жерлерди трансформациялоо жөнүндө документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон. Алар мыйзамсыз токтом чыгарууга айыпталып, ар бирине 5 млн сомдон айып пул салынган.

Самаковдун үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлк

Factcheck.kg басылмасы 2021-жылга карата Самаковдордун үй-бүлөсү кандай мүлккө ээлик кылаарын аныктаган.

Фактчекерлер Кыргызстандын мыйзамы тыюу салганына карабастан, депутат болуп турган учуруда Самаковдун бизнеси бар болгонун аныкташкан.

«Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Карганбек Самаков 2007-жылдан бери курулуш иштери менен алек болгон «Алтын-Чуй» ЖЧКнын теңтөрагасы болуп келет. Белгилей кетсек, фирма негизделген учурда Самаков Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген», — деп билдирди Factcheck.kg басылмасы.

Ошондой эле журналисттердин маалыматы боюнча, Самаков 2020-жылы «жаратылыш газын ташуу үчүн суюлтуу жана кайра газдаштыруу» тармагында иш алып барган «Строительство Капитального Социализма» ачык акционердик коомунун негиздөөчүсү катары катталган.

Factcheck.kg басылмасынын маалыматына ылайык, Карганбек Самаковдун балдарынын дагы бизнси бар. Эң “ийгиликтүүлөрүнүн” бири Кубынчбек Самаков болуп чыккан — анын атына төрт компания катталган. Ал атасы менен бирге 2017-жылы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча күнөлүү деп табылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратып, бирок мунапысты эске алуу менен мөөнөтү үчтөн бирге кыскарган.

Ошол эле учурда кенже Самаков учурда эки өндүрүш тармакка ээлик кылат: «Биотех» өнөр жай газдарын өндүрүү жана тазаланган мунай продуктуларын, анын ичинде мунай продуктуларынан брикеттерин өндүрүүчү «БИОПРОМ» ишканасына.

Ошондой эле, ага тиешелүү «Инвестиционный центр «КА Азия» компаниясы жана дүң соода менен алектенүүчү «ELEGANT-сервис» фирмасы катталган.

Самакавдун дагы бир уулуна Аман Самаковго «Скрепка» атту компания тиешелүү экени белгилүү болгон. Ал «адистештерилбеген дүң соода» менен алектенет.