Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болуп, 23 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 20-декабрга карата коронавирустан бир адам каза болду, илдеттен 29 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 23 жаңы учуру катталды.

Акыркы суткада Бишкек шаарында 19, Жалал-Абад облусунда эки адам коронавирус жуктурду. Баткен облусунда бир адам илдетке чалдыкты. Калган облустарда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 218ге жетти. Өлкө боюнча 179 311 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 784 адам көз жумду.

Учурда 301 бейтап ооруканада, ал эми 338 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 20-декабрга карата 1 155 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 411 адам биринчи дозасын, ал эми 744 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.