Парламентти санариптештирүүгө 8 млн доллар грант каражаты коротулат

Парламенттин басма сөз кызматы Кыргызстандагы Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Жогорку Кеңешке гранттык негизде 8 млн долларлык колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Бул каражат парламенттин IT-инфраструктурасына жана санариптешүүсүнө жумшалат. Буга байланыштуу парламенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореянын IT тармагындагы эксперттик тобу менен 17-декабрда эле жолугушкан.

KOICA’нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу долбоордун үч этабы бар экенин айтты.

Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Алгач Жогорку Кеңештин жыйындар залын техника менен камсыз кылуу, андан кийин орнотулган жабдыктарды системалаштыруу пландалып жатат. Акыркы этапта адистер IT-жабдыктарды эксплуатациялоо боюнча окутуудан өтөт.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалымдагандай, долбоорду 2023-2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда.

Ак үйдү оңдоо

2020-жылдын октябрындагы башаламандыктан кийин депутаттардын Ак үйдөгү дээрлик бардыгынын иш бөлмөлөрү жана техникалары талкаланып, документтер жок кылынган.

Ак үй 2020-жылдын октябрында.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Ак үйдү басып алууда мыйзам долбоорлору сакталган сервер талкаланганын айткан. 2021-жылдын декабрына карата сервер дагы деле иштей элек.

Бийлик зыянды эсептеп чыгып, Ак Үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн сом керектелерин билдирген. Бул жарандардын нааразылыгын жараткан.

Анда депутаттардын бири эл өкүлдөрүнө өз иш бөлмөлөрүн өз чөнтөгүнөн оңдоону сунуштаган.

Андан соң Ак үй толугу менен парламенттин карамагына өтуп, ал эми президент Өкмөт үйүнө көчкөн.

Ошол убакта, президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаров оңдоо ишинин баасы өтө эле жогорулатылганын билдирген. Анын ою боюнча, имараттын оңдоо ишине 10 миллион сомго жетпеген каражат кетиши мүмкүн.

Кийин парламент төрагасы Талант Мамытов маселени бюджеттик каражатты колдонбой, өз күчтөрү менен чечүүгө аракет кылып жатышканын билдирген.