Кыргызстанда өлкөдөгү жогорку кызматтарга дайындалган аялдардын саны барган сайын азаюуда. Буга эмне себеп болду жана эмнеге алып барышы мүмкүн, талдап айтып беребиз.
Материал Медиатармактын колдоосу менен даярдалды.
«Клооптун» редакциясына өзүнө жарашыктуу кийинген аял кирип келди. Үстүндө чыкыйган кара костюм, мойнунда бант түрүндө байланган түстүү жоолук. Столдорду аралап шашпай өтүп, журналисттер менен учурашып, интервью ала турган бөлмөгө кирди. Ал Элвира Сурабалдиева — кыргыз өкмөтүндө чанда гана аял кызматка ээ болгон болсо, ошолордун бири.
Элвира Сурабалдиева мамлекеттик кызматка алгач 2004-жылы келген — ал Социалдык фондду тандаган. Элвиранын айтымында, ар дайым «мамлекетке кызмат кылгысы» келген, ошол себептен дагы чет өлкөдөгү окуусун аяктагандан кийин жумушка орношуу үчүн документтерин маморгандардын бирине тапшырууну чечкен.
«Соцфонддо курбум иштечү, бир күнү жолугуп калдык, ага мамлекеттик кызматка баргым келерин айттым. Документ тапшыра берейин — кайcы органга алышса, ошол жакка барып иштейм. Курбум Соцфонддо жетектөөчү адиске вакансия бар экенин айтты, барып документ тапшырдым. Жумушка алышты», — дейт мамлекттик кызматка карай таштаган алгачкы кадамын баяндаган Элвира.
Дээрлик 20 жыл ичинде Элвира Сурабалдиева парламенттин VI чакырылышында, өкмөттө иштеди жана өлкө үчүн оор убакта Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабды жетектеди. Анда Кыргызстан 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан улам саясий кризиске батып турган.
Бирок аткаруу бийлигинде карьера түптөгөн аялдар сейрек кездешет.
«Клооптун» журналисттери Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарга дайындоолорду изилдеп чыкты — премьер-министр, министр, губернатор мана мэрлик кызматтар. Биздин изилдөө көрсөтүп тургандай, мамлекетти негизинен эркектер башкарат — бардык жогорку саясий кызматтардын болгону 11%ы аялдарга тиет. Бирок ушул 11%ы дагы көптөгөн «көзгө чалдыкпаган» тоскоолдуктарга туш болот.
Жыл өткөн сайын бийликте аялдардын саны азайып барат
90-жылдардын ортосунан тартып жетекчилик кызматтагы аялдардын саны азайып келет — бул тууралуу изилдөөлөрдө айтылат. 1996-жылы кыргыз өкмөтүндө министрликтерди жетектеген алты аял болгон — бардык жогорку чиндердин 36%ы. 2001-жылы бул көрсөткүч 24%га, ал эми 2008-жылга барып таптакыр эле 15%га түшүп кеткен.
2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин тарыхта биринчи жолу өлкө башчылыгына аял киши келген — Роза Отунбаева. Отунбаеванын өкмөтүндө министрлердин арасында аялдар болбогону менен, парламент менен өкмөттө анын талапкерлигин дал ошол министрлер көрсөтүшкөн. 2011-жылдын 1-декабрында Роза Отунбаеванын ордуна Алмазбек Атамбаев келген.
Биз чогулткан маалыматтарга карасак, өкмөттөгү жогорку кызматтарга 2011-жылдан тартып, ар кайсы мезгилдерде президенттер орточо 2-3 гана аялды дайындашкан — он жыл ичинде алардын саны болгону 20га чукул болгон. Аялдар көбүнчө вице-премьер-министр болушкан жана саламаттык сактоо, билим берүү, финансы жана юстиция министрликтерин башкарган.
Акыркы жолу 2021-жылдын октябрында президент Садыр Жапаров дайындаган министрлер кабинетинин курамы* аялдардын саны боюнча рекорддук төмөн көрсөткүчтө — аялдар дээрлик жокко эсе. Минкабдын 20 мүчөсүнүн ичинен бирөөсү гана аял киши — ал жаңы пайда болгон Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башына келген Динара Кутманова.
*2021-жылдан тартып Кыргызстандын «өкмөтү» «министрлер кабинети» деп атала баштаган
Аялдар иш жүзүндө эч качан облус башчысы болгон эмес. Заманбап Кыргызстандын бүткүл тарыхында болгону төрт губернатор аял болгон, ошол эле учурда губернатор эркектердин саны жүздөн ашык болчу.
Ал аялдар Баткен, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусутарында ыйгарым укуктуу өкүл болушкан. Алардын экөө 2010-жылы апрель революциясынан кийин кызматка дайындалган. Ошол эле кезде алардын ар биринин мамкызматтагы тажрыйбасы мол эле.
Республикалык маанидеги — Бишкек жана Ош — шаар мэрлеринин арасында бир да аял болгон эмес. Алар вице-мэр болуп, көбүнесе социалдык маселелерди тескешкен. Бирок акыркы 10 жылда бардык вице-мэрлердин арасында аялдар 20%га жеткен эмес.
Эркектерге жогорку, аялдарга төмөнкү кызмат
Дүйнө жүзүндө жогорку мамлекеттик кызматтарда эркектерге салыштырганда аялдар абдан аз. Министрлердин арасында эркектерге караганда аялдар көп болгон бир нече гана өлкө бар — негизинен бул Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, бирок алардын арасында латын америкалык Никарагуа жана африкалык Руанда дагы бар.
Ошол эле кезде, дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө аялдардын 20%дан азы министрлик кызматтарды ээлейт, ал эми Кыргызстан бир аял менен бул рейтингдин эң эле төмөн жагында жайгашкан.
Мындай теңсиздиктин себептеринин бири — бул «айнек шып» делген нерсе — аялдардын адискөй сапаттарына байланышы жок, алардын карьералык тепкичтен жогорулашын чектеп турган көзгө көрүнбөгөн тоскоолдук.
Бул тоскоолдук каныбызга терең сиңип калган аял жакшы жетекчи боло албайт, анын башкы милдети — бала төрөө жана үй-бүлөнун очогун сактоо деген стереотипке байланыштуу. Бул стереотиптен улам аялдар өздөрү дагы дымагын, амбициясын тыйып жүрүшөт.
Биз өлкөнүн Мамлекеттик кадр кызматынын 2017-жылдан тартып 2021-жылга чейинки маалыматтарын талдап, Кыргызстанда чиновник аялдарга «айнек шып» бар экенин аныктадык: кызмат канчалык жогору болсо, андагы аялдардын саны ошончолук аз.
Эгерде кенже чиндердин деңгээлинде аялдар менен эркектер теңдештиги сакталып турса — 53% эркекке 47% аял каршы, жогорку кызматтарда аялдардын үлүшү 11%га чейин кыскарат.
Жогорку Кеңеште беш жыл иштеген соң Элвира Сурабалдиева кайра өкмөткө кайтып келген. Бул жолу вице-премьер-министрлик кызматка дайындалып, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабды жетектеп баштаган.
Сурабалдиеванын айтымында, мамлекеттик кызматта кармалып туруу үчүн аялдар эркектерге караганда көбүрөөк аракет кылышы керек. Себеби аялдын ар бир жасаган ишине чоң көңүл бурулуп турат.
«Эркек 25% аракет кылган жерден аял 250% аракет кылышы керек. Аялга шектүү карашат, айрыкча, эркектерди башкарып, буйрук берүү талап кылынган жерде», — деп кошумчалайт Сурабалдиева.
Сурабалдиеванын айткандарын узак убакыт өкмөттө иштеп калган «Клооптун» өздүк булагы дагы тастыктады. Анын айтымында, аял кишиге дайыма кызматына «татыктуу» экенин далилдөөгө туура келет.
Кыргыз саясаты — эркектердин өзүнчө ааламы, ал жерде өз эрежелери жана маселелерди чечүүнүн форматтары бар ( “палоого” баруу же “жума күнү мончого баруу”, бул жерлерде баары тез чечилет, ал жактарга аялдар жол жок).
Эркектер тамеки чегүүчү жайда өкмөттүн бүтүндөй бир токтомун макулдашып, ошол эле жерде ага кол коюшкан мисалдар көп.
Көрүнбөгөн тоскоолдуктарга оюндун бейформал эрежеси да кирет. Мисалы, минкабдагы кесиптештердин бири теңине албаса, бир нече айлап парламент жана өкмөттөгү негизги оюнчулар менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбойт. Кээде жыйында берген суроону ачык эле укмаксанга салып, кулак сыртынан кетирген учурлар болот.
Ал тургай саясий бомонддун кыргыздар үчүн маанилүү үй-бүлөлүк иш-чараларына чакырылбай калуу да мааниге ээ. Башты бийик кармап, мындай «майда-баратка» көңүл кош мамиле жасаганда өкмөттө аял киши демилгелеген маселелер узак убакытка чечилбей туруп калат.
Ошол эле учурда, аялдар иши менен бирге үй жумуштарын да кошо ала кетет. Кыргызстанда иштеген иши бар аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришет.
Ал тургай кесиптин өзүн, иштей турган жерин да үй иштерин кошо алып кеткенге ыңгайлуу жана жолго аз убакыт кеткидей жерди тандашат.
«Эркектерге оңой. Үй-бүлөсү, балдары бар аялдарга физикалык жактан абдан эле оор. Мисалы ата-энем мени көрбөй деле калган. Ойгоном, кетем, түндө келем, эртең менен жумуштан тамактанам, печенье, кофе, катары менен он жолугушуу. Карьера жасайм деген аялга физикалык жактан абдан оор», — деп кошумчалайт Элвира Сурабалдиева.
Жылмайбоо жана этият сүйлөө
Мамкызматтагы аялдар кабылган дагы бир негизги көйгөй — ыдык.
Сексуалдык ыдык учурларынын көбү мамлекеттик мекемелерде болот — муну университеттерде жана жумуш орундарындагы сексуалдык ыдык жөнүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөтүп турат. Изилдөөнү 2019-жылы Судья-аялдардын кыргыз ассоциациясы жүргүзгөн.
Ага Кыргызстандын төрт шаарынан 877 аял катышкан. Жыйынтык мындай — сурамжылоого катышкан аялдардын бир төртүнчүсү сексуалдык ыдыкка кабылган.
Изилдөө орто жана жогорку кызматтагы жетекчилер сексуалдык ыдык көрсөтөрүн далилдеген. Алар көбүнчө катардагы, жаш кызматкерлергерге ыдык көрсөтүшөт.
«Сексуалдык ыдыктын деңгээли, орто эсеп менен алганда, жеке менчик уюмдарга караганда мамлекеттик мекемелерде кыйла жогору (80%). Сурамжылоого катышкан аялдардын пикиринде, бул чиновник-жетекчилер менен саясатчылардын жазага тартылбастыгы жана алардын укук коргоо органдарында тааныш-билиш же байланыштары бар болгону менен байланыштуу», — деп айтылат изилдөөнүн бүтүмүндө.
Аталган изилдөөнүн жыйынтыгын «Клооптун» анонимдүү булагы дагы тастыктады.
Анын айтымында, өкмөттө харассмент жана ыдык «ачык» эле болот. Колунда бийлиги бар эркектер жумушта ачык эле физикалык ыдык кылуудан уялышпайт.
«Аялдар, анын ичинде жетекчилер менен адистер, өзүн көрсөтүүнүн бүтүндөй бир схемасын түзүшөт, гардеробду тыкыр тандашат, жылмайбай жүрүүгө, этият сүйлөөгө аракет кылышат. Мындан тышкары, кимдир бирөөнүн иш бөлмөсүндө “көпкө кармалганга болбойт”, негизсиз ушактар “эч нерсе болбогонун” далилдей албай калган көптөгөн аялдардын репутациясын талкалаган учурлар бар», — деп кошумчалайт өздүк булак.
Аялдарды бийликтен «сүрүп чыгаруу» баарына кедергесин тийгизүүдө
Алсак, 2006-жылы эле бозгун президент Курманбек Бакиев кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдарга жетекчилик кызматка 30%дан кем эмес аялдарды дайындоо сунушталган болчу. Бирок бул сунуштама иретиндеги чара болгондуктан, квота ошол бойдон ишке ашпай калган.
2013-жылы жарыяланган аялдардын саясий укуктары бузулганы тууралуу изилдөөдө Кыргызстанда аялдарды башкаруу тармагынан «сүрүп чыгаруу тенденциясы» байкалып жатканы айтылган. Натыйжада «аял — башкарма, лидер» түшүнүктөрү унутулуп баратат. Анын ордуна, тескерисинче, «аял — начар башкарма, аялга үй-бүлө очогунда отурганы жакшы» деген стереотип калыптанууда.
Акыркы 10 жылда аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздикти кыскартуу боюнча Кыргызстан мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде барынан артта калган. Мисалы, Казакстанда гендердик теңсиздиктин индекси — аялдардын саламаттык сактоого, саясий турмушка жана эмгек рыногуно жеткилигин баалоочу көрсөткүчү — 3 эсе түшүп кеткен, ал эми Арменияда — 2,3 эсе, ал эми Кыргызстанда — болгону бир жарым эсе.
«Клооптун» журналисттеринин эмне үчүн азыркы министрлер кабинетинде бир эле аял бар деген суроосуна президенттин администрациясынан маселе гендердик квоталардын жоктугунда деп жооп беришти.
«Биз [гендердик квотаны] жаңы гана иштеп чыгуудабыз [...] Бизде [учурда] мыйзамда аялдар үчүн квота каралган эмес, ошондуктан азыр аны жигердүү киргизип жатабыз», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.
Ал жактан 2030-жылга чейинки Улуттук гендердик теңчилик стратегиясында аткаруу бийлигиндеги кызматтардын баары үчүн 30%дык аялдар квотасы тууралуу ченем киргизүү сунушталып жатканын билдиришти. Бирок азырынча бул документ иштелүүдө гана.
Бийликте жана саясатта аялдардын болушу башка аялдарга саясат жана мамлекетке кызмат кылуу — бул «эркектердин эле оюну эмес» деген сигналды берет. Бийликтеги аялдар башка аялдардын дымагын жана өзүнө болгон ишенимин ойготуп, аларга карап түздөнүүгө жол ачат.
Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, экономикалык турмуштагы аялдардын тенсиздиги дүйнөлүк ИДПны 15%га кыскартат. Мындан тышкары, бийликте аялдардын жоктугу адатта «аялдардыкы» деп эсептелген маселелер тутамын саясий талкуудан кыркып салат: балдардын, улгайган адамдардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана башка социалдык аялуу катмардын укуктары. Мисалы, АШКда декреттик өргүү жана балдарды кароо боюнча өргүүлөрдүн кабыл алынышына тек гана аялдардын күжүрмөндүгү өбөлгө болгон.
«Эркектер парламенттик шайлоо жакындап калганда социалдык маселелерди көтөрө башташат: мектеп, жолдор. Ал эми аялдар социалдык маселелерди дайыма көтөрүшөт, анткени аялдар инфраструктура түзүлбөгөн болсо толук кандуу иштей алышпайт: мектеп, бала бакча жана башкалар жок болсо. Эркектер балдар менен алек болбойт, аларды мектепке ташыбайт, тарбиялашпайт, ошондуктан бул маселелер алардын башын оорутпагандай», — дейт Сурабалдиева.
Учурда минкабдын төрагалык (өкмөт башчынын) жана анын үч орун басарлык, анын ичинде «адатта аялдар аркалаган» соцблок боюнча кызмат ордун эркектер ээлеп алды.
Ошол эле учурда, өлкөдө социалдык жаатта тажрыйбасы чоң аялдар көп — Алтынай Өмүрбекова, Ализа Солтонбекова, Чолпон Султанбекова — булардын баары мурда жетекчилик кызматтарды аркалашкан.
Минкаб төрагасынын социалдык маселелер боюнча азыркы орун басары Эдил Байсалов 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп бир жыл иштеген, Улуу Британияда элчи болуп иштеген эки жылдык тажрыйбасы бар. Бирок, президенттин администрациясынын пикиринде, бул жетиштүү.
Авторлору: Савия Хасанова, Мундузбек Калыков
Маалыматтардын анализи: Савия Хасанова
Маалыматтарды чогултуу: Савия Хасанова, Мундузбек Калыков
Интервью: Анна Капушенко
Редактору: Анна Капушенко, Екатерина Резникова, Азиза Раимбердиева
Иллюстрациялар: Александар Титова
Кыргызчага которгон: Алмир Алмамбетов
Котормонун редактору: Бегайым Талантбекова