COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 51 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 21-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 41 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 51 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.

  • Чүй облусунда — 16;
  • Бишкек шаарында — 14;
  • Жалал-Абад облусунда — 9;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Ош облусунда — 3;
  • Ош шаарында — 1.

Ал эми Нарын менен Талас облусунда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 269га жетти. Өлкө боюнча 179 352 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 786 адам көз жумду.

Учурда 303 бейтап ооруканада, ал эми 345 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 21-декабрга карата 9 197 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 317 адам биринчи дозасын, ал эми 4 880 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.