Күрөш боюнча аялдар курамасынын Ослодогу таймашы дүйнөдө мыкты деп табылды

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кыргызстандын күрөш боюнча аялдар курамасынын 2021-жылы Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатындагы таймашын эң мыкты командалык таймаш деп тапты.

Атап айтканда, уюм 19-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча эң эле ийгиликтүү командалык таймаштарды топтомун жарыялап, кыргызстандыктарды төртүнчү орунга жайгаштырды.

«Кыргызстандын күрөш боюнча аялдар курамасы 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова чыккандан бери дүйнөлүк күрөштө өтө тездик менен бийиктикке чыга алды. Дүйнө чемпионатында үч спортчу жеңишке жетип, анын ичинде эки алтын медаль алуу менен кайчы пикирлерге чакырык таштоону улантып жатат», — деп уюмдан белгилешти.

Норвегиянын Осло шаарындагы Дүйнөлүк чемпионат Кыргызстандын аялдар курамасы үчүн тарыхтагы эң эле жемиштүү болду, себеби спортчу кыздардын баары медалдарды багынтышкан.

Алсак, Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта алтын медаль тагынган. Муну менен ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Ушул эле Дүйнөлүк чемпионатта Мээрим Жуманазарова дагы 68 кг салмакта алтын, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта коло медаль тагынган.