Кыргызстанда кыздар көчөдөн, сабактан же жумуш убагында күн сайын сексуалдык ыдыкка кабылат. Көп учурда кыздар милицияга кайрылбайт. Сизге карата ыдык болуп жатса же харассментке күбө болсоңуз эмне кылуу керек? Бул суроолорго «Секс талкуу» видеоподкастынын жаңы чыгарылышында жооп беребиз.

Кыргызстанда аялдардын 80 пайыздан көбү өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган.

«Секс талкуу» подкастыбыздын алып баруучулары да сексуалдык ыдыкка кабылып, милицияга кайрылышкан. Милиция эмне кылганын, өлкөдөгү ыдык жөнүндө эмнени билүү керектигин шилтемеден көрүңүз:

Эгерде сизде өз окуяңыз же суроолоруңуз болсо, шилтеме аркылуу өтүп анонимдүү жазыңыз: https://forms.gle/8SxZWsAEQSRbUac29