Белгилүү актриса жана теле алып баруучу Назира Айтбекова соцтармактардагы барактарына «ачык» сүрөттөрүн жарыялаганы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Соцтармактардын айрым колдонуучулары аны колдосо, кээ бирлери кескин сындаган.

Айтбекова блогер Азирет Осмоновго маек куруп, сүрөттөрдү эмне себептен жарыялаганын түшүндүрдү. Ал ошондой эле, жашоого болгон көз карашы, үй-бүлө куруу, ажырашуу жана дин тутуу эркиндиги тууралуу кеп курду.

Соцтармактын колдонуучулары жана коом тууралуу

Назира Айтбекова.

Чын эле сүрөттөгү чачы кыркылган, башка өңгө боёлгон, башкача стилде түшкөн Назира мага аябай жагып калды. [...] Элдин баары «уят эле, уят» дегенде, ак көйнөгүмдү кийип, «Уят деген тигил болот, бул болот. А силер менин төшүмдөн башка эч нерсе көрбөй элесиңер» деп ачуум келип, кадимкидей «кайнап» ошол нерсени чыгардым.

*Назира Айтбекова постунда «кыргыздарда уят кийимге эле бүткөнүн» белгилеп, «кийим кийип алып коррупция кылсаң, уят эмес, ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң, уят эмес» деп коомдогу бир нече терс көрүнүштөрдү санап, элдин көңүлүн бурууга аракет кылган.

Көзү тоюп, көкүрөгү ток болгондор бул нерсеге башкача көз карашта карайт. Биздики көкүрөгүбүз дагы, көзүбүз дагы ачка, өлүп-талып көчүктөн өйдө чыга албай, деңгээлибиз киндиктен ылдый болуп атпайбы. [...] Бактылуу болуп, жан дүйнөңдө жаргалчылык болуп жатса, кантип бирөөнү сөккөнгө дитиң барат? Бактысыз турмушта жашаган, көкүрөгүн көп нерсе өйүп турган, санаасы көп, сазга малынып турган адам гана бакача чарылдайт. Ар бир баканын оозун тыя албайсың да, ал баканын жаратылышы. Балыктын жаратылышы таза сууда сүзүү.

Эки жүздүүлүгүңөргө таң калам да. Жайында тим эле дырдай жылаңач, тияк-биягыңарды чыгарып эле көлдө жүрөсүңөр го. Эмнеге ал нерседен уялбайсыңар. [...] Мисалы, мен жайында эл көп жерде купальникчен ары-бери баса албайм. Купальникчен элдин баарына көчүгүңдү каратып коюп, ары-бери басканга эрким жетпейт. Бирок силердики жетип атат го.

Качанкыга чейин «Менталитет, динде уруксаат бербейт» деп орута беребиз? Ошол саздан чыкпайлыбы. Өспөйлүбү, кандай дейсиңер? Аң сезимди ачыш керек — көп китептерди окуп, саякатташ керек.

Кадимкидей төшүмдү чыгарып, баланы балкылдатып эмизип, бешик ырын ырдаган роллигим бар. Ошол сүрөтүм чыкканда эл тапыратып сөккөн. Бала эмизип аткан эмчекке көзү түшкөн айбандардын денгээли ошол болсо, мен эмне кылайын? Эмчек деген жаратылыш, аны менен баланы тойгузабыз.

Турмуш куруу жана үй-бүлөдөгү аялдардын орду тууралуу

Назира Айтбекова. 

Ар бир аял «Билим алайын, эртеңки күнүм кандай болуп калат? Өз жанымды багайын. Окуюн, иш табайын» десе абдан сонун болот. Бардык жактан көз карандысыз болсоңор, сый дагы болот. Жолдошуңар «Менсиз эмне кыла алмак эле» деп тебелеп-тепсебейт. Ар бириңер өз укугуңарды, ордуңарды билсеңер, жашоо турмуш жакшы болот.

Турмуш курууга эмнеге шашышат билбейм, ал жакта суутуп коюптурбу? [...] Кымындай ойду алып эле, батыраак эрге тийип, төрө дей бересиңер. Эмнеге чектөө болуп, тийди деген штамп коюлушу керек? Эмнеге шакек тагыныш керек? Шакек тагынбай деле, жолдошуң башка өлкөдө, мен башка өлкөдө жашап, иштеп эле эрти-катын боло берсек болбойбу?

Балалуу болуу жана энелик сезим тууралуу

Назира Айтбекова.

Биринчисин төрөдүң мейли, кийинкисин кут да бир аз. Жашоо шартың жакшы болсо, анан кийинкисин төрө. Кыйын жашап кетсең, пландап алып үчүнчүсүн төрө. Аябай жакшы жашап, он баланы бага алсаң, күйөөңө же аялыңа ишенимдүү болсоң, мага демектен, онду төрөй бер.

Эмнеге багып алса болбойт. Эне болуш үчүн сөзсүз эле эмчегиңди берип, көчүгүңөн чыгышы керек эмес. Төрөп туруп, таштап кеткендер канча. Ал энеликке жатпайт да. Аялга энелик же бүтөт, же бүтпөйт. Энелик сезимиң бар болсо, бүтүн дүйнөгө эне боло аласың да.

Дин жана ишеним тууралуу

Назира Айтбекова.

Мен ал дүйнөлөрдү тааныбаган үчүн, жыйынтык чыгара албайм. Азыркы тапта Кудайга аябай ишенем, аны ушунчалык сүйөм жана коркпойм. Коркуу деген нерсен жаман көрөм. Туура эмес нерсе жасап албайын деп Жараткандан жазганам. «Мен андан корком, анын кулумун» дегим келбейм. Анткени, кул дагы жаман сезим. Мен Кудайдын эрке кызы болгум келет.

Беш маал намаз окуп, орозо кармап, сакал өстүрүп, чүмкөнүп алып, эртеңки күнү өз кызын зордуктап, аялын төпөштөсө же оозуна ак ит кирип, кара ит чыкса, мен андай мусулман болгум келбей жатат. Мусулман деген эмне? Менин түшүнүгүм жок, кандай адам болот? Мен уурдабайм, киши өлтүрбөйм, бирөөнү жамандабайм, жек көрбөйм. Эгер көкүрөгүмдө жамандыгым жок болсо, мен мусулманмынбы? Эгер эч жамандык иш жасабасам, көкүрөгүмө кир жугузбасам, бийиктегенге, өскөнгө аракет кылсам, көп китеп окусам, мен мусулманмынбы? Тигил мусулман Кудайга жакынбы же мен жакынмынбы?

Мен азыркы учурумда аябай жакшы жашагым келип жатат. Тозок дагы, бейиш дагы ушул жашоодо деп ойлойм. Себеби, төмөнкү катмардагы адамдар бар — дайыма сөгүнүп, кыжырданып, жек көрүп, бирөөгө жамандык жасап, уурдап, өлтүрүп жүрөт. Ошол катмардын жашоосу тозок деп ойлойм. Бийик катмардагы адамдар бар — өзүн өнүктүргөн, өстүргөн, билим алган, элге жакшылык каалаган, көкүрөгү айнектей таза адамдар. Мен алар бейиште жашайт деп ойлойм. Антекени жек көрүү, таарыныч, бирөөгө жамандык каалоо — ушунчалык ылай, кир нерсе. Эгер ошондой кир нерседе жашап атсаңар, демек силер тозоктосуңар. Жашооңорго дагы ошондой ыплас, кир нерселерди чакыра бересиңер.

Мен өлүмдөн коркпойм. Мен даярмын. Кудай менен беттешкенге даяр адам, өлүмгө да даяр. Апам көкүрөгүмдү кандай таза кылып төрөгөн болсо, ошондой кир жугузбай сактаганга колумдан келишинче аракет кылам.

Назира Айтбекова деген ким?

Назира Айтбекова.

Назира Айтбекова — актриса жана теле алып баруучу. Ал 36 жашта, Бишкек шаарынын Аламүдүн районунда төрөлгөн. Учурда бир баланын апасы.

Ал «Быйыл сөзсүз күйөгө тием», «Кошунаны тандабайт» өңдүү бир катар тасма менен сериалдарга тартылып, эл аралык иш-чара фестивалдарды алып барып жүрөт.

Ал кинодогу образы менен коомчулуктагы көйгөйлөрдү көтөрүп, коомдук иштерге катышып келет. Анын соцтармактарга жарыялаган сүрөттөрү менен пикирлери эл арасында кызуу талкуу жаратып келет.

Айтбекова 2012-жылы көзачыктар тууралуу «Аалам сырлары» теле долбоорунда алып баруучу болгон. Бирок Турсунбай Бакир уулу КТРКнын жетекчилигинен программаны жабууну талап кылган. Анда Назира Айтбекова «көзачыктар — коомдук каналдын эфиринен чыгууга укугу бар коомдун бир бөлүгү» деп айткан. Кийин аталган берүү жабылган.

2012-жылы Айтбекованы «Супер-инфо» гезитинин журналисттери тамаша торго салган. Анда белгисиз адамдар аны тапанча менен коркутуп, уурдап кетишкен. Айтбекованын айтымында, анда ага тапанча такап, зордуктай тургандыктарын айтып коркутушкан. Уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.