Temirov LIVE: Парламенттик шайлоонун добушун саноодо «күмөндүү үч жагдай» аныкталды

Temirov LIVE каналы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки добуш саноо тууралуу жаңы иликтөө жарыялады.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган сандардагы бир катар дал келбестиктерди аныктап, шайлоочулардын добуштарынын 11%ы кайдан-жайдан пайда болуп, партиялар арасында бөлүштүрүлгөн болушу мүмкүн деген тыянакка келген.

Добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны

Темиров LIVE мыйзам боюнча, добуш бергендердин саны шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо, урналар ачылганга чейин БШКга жөнөтүлүшү керек экенин баса белгиледи.

«Канда адам шайлоого катышканы бизге айтылган жок», —деп белгилейт ал.

БШК 23:00дө гана шайлоочулардын 32,82%ы — 1 млн 215 миң 527 адам добуш берди деп маалымдады.

Бирок БШК 15-декабрда жарыялаган шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, добуш берүүгө болгону 1 млн 281 миң 622 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 34,61%ы түзөт.

«Ал эми шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган порталдан андан да чоң санды — 1 млн 293миң 831 көрүп турабыз. Башкача айтканда, кайдан-жайдан эле шайлоочулардын колуна берилген бюллетендердин саны 78 миңге көбөйүп кеткен. […] Бул добуш бергендердин 6,4% түзөт. Демек, бир партия Жогорку Кеңешке өтүп, болбоду дегенде беш мандат алды деген кеп», — деп тактады журналист.

Автоматташтырылган эсептөөчү урна

Мындан сырткары, иликтөөчү-журналисттин айтмында, алар «дагы бир аномалияны аныкташты».

Темиров LIVE АСУдагы маалыматтар эч убакта өзгөрүр кетиши мүмкүн эмес деп белгилейт, анткени добуштарды компьютер санаган — бирок сандар өзгөрүп кеткен. Журналисттер АСУнун 29-ноябрдагы жана 23-декабрдагы маалыматындагы сандардын айырмачылыгын санады. Айырма 34 293 добушту, же 2,8 % түздү.

«Бул сервердеги жана сайттагы маалыматтарды кимдир бирөө алмаштырганынын анык далили», — дешат алар.

Байкоочулардын күчү

«Байкоочулар активдүү катышып, даттанууларды берип турган участкаларда бир канча партиялардын жыйынтыктары башка участкаларга караганда бир топ айырмалаган жана бул маанилүү айырмачылык. Байкоочулар активдүү болгон участкаларда “Социал-демократтар” жана “Ата Мекен” көп добуш алган, ал эми “Ата-Журт”, “Ишеним” жана “Ынтымак” азырак», — деп айтып берди журналист.

Тема боюнча:

Добуштарды ким уурдады? «Клооп» кол санактын протоколдорунда жүздөгөн добуш жоголгонун аныктады