Бишкек мэриясы: Аянтта концерт өтөт, ал эми «Жаңы жылдык экспресс» түнгө чейин каттайт

Бишкек мэриясы Жаңы жылдык майрамга карата Ала-Тоо аянтында концерт болорун билдирди — ал саат 19:00дө башталат. Концерттик программага кыргыз музыканттары жана ырчылар катышат.

Салюттан калаа бийлиги баш тартып, шаардыктарды дагы коопсуздукту сактап, концертте пиротехникаларды колдонбоого чакырды.

Концеттен кийин шаар тургундары үйлөрүнө «жаңы жылдык экспресс» менен жетип алса болот — алар 1-январдын түнкү саат бирине чейин каттайт.

Троллейбус, автобус жана маршруттук каттамдар иштейт.

  • №2, «Аламүдүн-1» кичи районунан — Фрунзе заводуна чейин;
  • №4, Эткомбинаттан — Териза водуна чейин;
  • №7, «Тунгуч» кичи районунан — «Ак-Өргө» жаңы конушуна чейин;
  • №10, «Асанбай» кичи районунан — Фрунзе заводуна чейин;
  • №14 «Жогорку Жалдан» — Киркомстромго чейин;
  • № 17 «Асанбай» кичи районунан — Теризаводуна чейин.