Ысык-Көл облусунун Отрадное айылында Кыргызстандагы алгачкы жана азырынча жападан-жалгыз «Шапак» хоккей клубунун оюнчулары жашайт жана машыгат.
Жалпысынан бул клубда 10 жаштан 20 жашка чейинки 20 кыз бар.
Хоккейчи кыздар айылында инфраструктура жоктугунан кийим чечип илүүчү жай үчүн мурдагы гараждын имаратын колдонушат, ал эми машыгуу үчүн картошка талаасын колдонууга аргасыз. Спортчу кыздардын айтымында, аталган муз талаасында эки ай гана муз тоңот.
«Биз учурда көбүрөөк машыгышыбыз керек. Бир жылда бизде эң көп дегенде эле эки ай муз тоңот. Муз эки ай туруктуу. Эки ай жана жарым ойгондордун айырмасы бар. Ошондуктан бизге муз үстүндө тажрыйба жетишсиз болуп турат», — дейт хоккейчи кыздардын бири Элина.Мындан тышкары, «Шапак» клубундагыларга экипировкалар жетишсиз — алардын баары эски, айылда бардык эле ата-эне кыздарына жаңы экипировка алып бере албайт.
«Шапак» клубун хоккейчи кыздардын биринин атасы Саламат Абдрахманов машыктырат. Анын атайын тренерлик билими жок, ошондуктан башка клубдардын адистерин алып келүүгө далалат кылат.
«“Локомотивдин” тренеринен жардамчыларын сурап, жол чыгымдарын төлөп берели, картошка берели деп чакырганбыз. Бир жылы хоккейчилер картошканы көп эгип алып, кайда алып барышты билбей калганбыз. Эки жардамчы баланы 10 күнгө алып келип, 20 кап картошка бергенбиз. Алар келгенде жакшы прогресс болду. Жакшы иштешти. Байкалаарлык өсүш болду. Мурда шайбаны эки гана кыз ыргытканды билсе, алар келип кеткенден кийин 10 киши ыргытып калды», — дейт ал.
Инфраструктура жана экпировка көйгөйүнөн тышкары, хоккейчи кыздар туугандарынын түшүнбөстүгүнө жана алардын хоббисине карата колдоонун жоктугуна да кабылышат.
«Азырынча хоккей менен эле алекмин. Үйдүн кичүүсү болгондуктан байкемдер үйдө бол, апаңды кара дешет. Өздөрү иштеш үчүн чет жакка кетишкен», — дейт хоккейчи Элина.
Кыздар эл аралык деңгээлге чыгып, өздөрүн башка өлкөлөрдө сынап көрүүнү каалашат.
«Биринчи Казакстанда ойноп көргүм келет. Андан кийин, Кудай буйруса, Москвада ойнойм деген оюм бар. Жеңилип калсак да хоккейге болгон сүйүүбүздү токтотпойбкуз. Хоккей — бул биздин жашообуз. Биз спортчубуз. Ал эми спортчунун жашоосу жеңиш менен жеңилүүдөн турат. Биз жеңишке жетебиз. Биз жөнүндө дагы угасыңар!» — дейт хоккейчи Маанай.
Видеону Кайрат Замирбеков даярдады.
Айкөкүл Ибраеванын «Шапак» хоккей клубу тууралуу тасмасын толугу менен шилтеме аркылуу көрсө болот.