Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» сынагынын жеңүүчүсү болду

Орусиянын «Биринчи каналы» «Голос» шоусунун онунчу сезонун финалын көрсөттү. Финалга кыргызстандык Александр Волкодав, казакстандыктар Ернар Садирбаев жана Алишер Каримов, ошондой эле орусиялык Элина Пан өткөн.

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында шоунун жеңүүчүсү деп кыргызстандык Александр Волкодав аталды. Ал шоунун көрүүчүлөрүнүн 54% добушуна ээ болгон. Ал эми экинчи орунду Алишер Каримов алды.

Сынак кандай болду?

Александр Волкодав «Казачья», Пелагея менен бирге Дункан Лоуренстин «Arcade» чыгармасын, ошондой эле «Бремен музыканттарынын» трубадур ырын аткарган.

Алишер Каримов болсо «Ноктюрн» жана «Как молоды мы были» чыгармаларын аткарган. Финалга чейин каза болуп калган насаатчысы Александр Градский менен ырын музыканттын аткаруусунда алдын ала жаздырылган видео аркылуу ырдалган. Финалисттин үчүнчү ыры «Аве Мария» болгон.

Ернар Садирбаев Дима Билан менен анын эски хити «Ты должна рядом быть» аттуу ырын аткарган. Ошондой эле ал, Татьяна Анциферованын «Ищу тебя» жана Тодд Дункандын «Unchained Melody’син» аткарган.

Элина Пан «Любовь, похожая на сон» ырын жана насаатчысы Леонид Агутин менен «Включите свет» чыгармасын ырдаган.