Президент «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн» кыргызстандыктарды сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Экинчи жана үчүнчү даражадагы «Манас» ордени сегиз адамга тапшырылат.

«Манас» ордени — Кыргызстанда эң жогорку сыйлык. Ал 1996-жылы негизделген — үч даражадан турат. Жаран биринчи даражадагы орденди албай туруп экинчи жана үчүнчү даражадагысын ала албайт.

II даражадагы «Манас» ордени

Композитор Сардар Жумалиев II даражадагы «Манас» орденин алат.

Жумалиев — Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру. Ал 100дөн ашык оркестрдик чыгарманын жана кыргыз аткаруучуларынын 70 ырынын автору.

Скульптор Виктор Шестопал II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланат.

Шестопал Бишкектеги Славян университетинин алдындагы Александр Пушкиндин айкелинин автору. Ал көптөгөн кыргыз ишмерлеринин эстелигин жасаган. Мрамордо актриса Бакен Кыдыкееванын, даракта — скульптор Ольга Мануилованын портретин тарткан, жезге — жазуучу Касымалы Жонтөшовдун бюстун түшүргөн.

*Мурдараак мындай сыйлык академик Абдыганы Эркебаевге, врач Какиш Рыскуловго, композитор Насыр Давлесовго тапшырылган. Сыйлыкты саясатчылар да алган. Мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын үзөңгүлөшү Сапар Исаков, Атамбаевдин тушундагы оппозиционерлер — Өмүрбек Текебаев жана Аида Салянова.

III даражадагы «Манас» ордени

Жазуучу Мелис Абакиров дагы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланат.

Ушундай эле сыйлык менен «Эл аралык полиция академиясынын Кыргыз секциясы» коомдук бирикмесинин президенти Шейшенбек Байзаков сыйланат.

III даражадагы «Манас» орденин математик Алтай Бөрүбаев дагы алат.

Ал — Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун директору, эки кыргыз ЖОЖунун ректору, депутат жана билим берүү министринин биринчи орун басары болгон.

Ушундай эле сыйлык президенттик администрациянын кызматкери, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги Кубатбек Кожаналиевге, Кыргыз-Орус Славян университетинин интегративдүү жана практикалык окутуу борборунун профессору Мамбетакун Намазбековго, «Согуштун ардагерлер кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Мырзакан Субановго тапшырылат.

*Мурадараак ушундай эле сыйлык менен режиссёр Актан Арым Кубат, дирижёр Асанхан Жумакматов, легендарлуу врач Мирсаид Миррахимовго жана башка ондогон ишмер сыйланган.