Фото: Даниил Аксенов

Жаңы жылды музыкасыз элестетүү мүмкүн эмес, анткени ал шампан же мандарин сыяктуу эле жаңы жылдык маанайдын атрибуту болуп саналат.

Терезе артында кар жок болуп, жаш курагыңыз кереметке ишендирбей жатса дагы айланаңызда тек гана музыка жаңы жылдык атмосфераны жаратуу касиетине ээ.

«Клооп» сиздерге музыканын коштоосунда балаты жасалгалап, тамак-аш даярдап, жаңы жылдык дасторкон жайып же жөн гана маанайыңызды көтөрүү үчүн майрамдык плейлист даярдады!

Эмесе, кеп Кыргызстанда эзелтен бери аткарылып, элдик гимнге айланып калган кыргыз тилиндеги чыгармалардан болсун.

Эл оозунда Кыргыз Республикасынын Эл артистти Каныкей Эралиеванын «Жаңы жылды тосолу» чыгармасы жаңы жылдык класстикага айланган.

Жакындар үчүн жайылган дасторкон үстүндө бул чыгарма эң көп аткарылып келет. Муну менен катар бүгүнкү күнгө чейин онго жакын аткаруучу тарабынан кайрадан ырдалган.

Андан кийинки эле жаңы жылдын символуна айланган чыгарма Бек Борбиевге таандык. 1990-жылдары жаралган 500 чыгарманын ичинен «Жаңы жыл» ыры элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

«Кар жаасын, кар жаай берсин!» Сиз бул ырды уккансыз! Себеби бул англис тилиндеги эң белгилүү ырлардын бири. Аны 1945-жылы июлдун ысык аптаптуу күндөрүндө Сэмми Кан жазган.

Анда көчөдөгү бороон-чапкын, үйдөгү очок, анан албетте сүйүү жөнүндө ырдалат. Чыгарма баарынын жүрөгүнөн түнөк тапкандыктан кеминде 20 жолу кайра баштан ырдалган.

«“Let It Snow” жылдын эң ысык күндөрүндө жазылган. Мен Жюль Стайнга “Пляжга барып сергип келбейлиби?” деп сураганда, ал “эмне үчүн ушул жерде эле калып кышкы ыр жазбайбыз” деп жооп берген. Мен тамга терген машинкага отуруп: “Ой көчөдө балчык, бирок каминдин оту керемет, барар жерибиз жок болгон соң кар жаасын, кар жаай берсин” деп тере баштадым», — деген Сэмм Кан «Songwriters on Songwriting» китебинде.

Албетте, бул ырды көпчүлүгүңөр уккансыңар, анткени бул эң популярдуу чыгармалардын бири.

Бүгүнкү күндө биз аны Бобби Хелмстин идеалдуу аткаруусунда укканга көнүп калганбыз. Бирок Элла Фицджеральддын аткаруусунда дагы угуп көрүңүз, сөзсүз жагышы керек.

Жаңы жылдык кино дүйнөсүнө жетелеген укмуштуудай романтикалуу ыр. Баса, бул ырды биринчи жолу актриса Жуди Гарленд «Встреть меня в Сент-Луисе» тасмасында аткарган.

Аны Уитни Хьюстондун мукам аткаруусунда да угууну сунуштайбыз.

Дагы бир кызыктуу жери: Википедиянывн маалыматы боюнча, 70 жыл аралыгында бул чыгарманы 100гө жакын аткаруучу жана топ ырдаган.

Бул ыр жаңы жылдык маанай тартуулап келе жатканына кырк жылдан ашып калды.

Аны жаңы жыл түнү же майрам алдында майрамдык маанай тартуулоо үчүн угушса да, бул ырда жаңы жылдык кечеден кийинки таң тууралуу баяндалат.

Майрамды эске салып турган, бирок башка нерсени баяндаган дагы бир «жаңы жылдык ыр».

Ыр Рождество майрамында аялга жүрөгүн берген кишинин жоопсуз сүйүүсү тууралуу баяндалат. Бирок эртеси күнү аял жүрөктү кайра кайтарып берген. «Быйыл өзүмдү тынчсыздануулардан оолактатуу үчүн жүрөгүмдү өзгөчө бир адамга берем», — деп ырдайт Жорж Майкл.

Ырдын тесттине карабастан ал жаңы жылдык гимнге айланган, анын үстүнө бул чыгарманы угуу менен жыңы жылдык кереметтин атмосферасына сүңгүп кетсе болот.

Мэрайя Кэри Рождество сүйүктүү майрамы болгондуктан бул ырды аткарууга макул болгон. Макул болгону өтө орундуу чечим болгон, себеби сынчылардын көбү композицияны өзгөчө кабыл алып, аны Рождествонун эң кереметтүү чыгырмалардын бири деп аташкан.

«Мен бул ыр Рождествонун классикалык ыры болуп калсын деп кыялданчумун», — деген Кэри журналисттерге курган маектеринин биринде.

Ооба, айткандай эле кыялы орундалды!

Бенда Линин шаңга бөлөгөн ыры көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган «Один дома» тасмасында саунтрек катары жаңырган.

Был чыргарма чындап эле майрам тууралуу. Кече, балаты, ашкабак торту, Рождество гимни жана жарыкчалар — жалпы айтканда, баары ойдогудай!

Рождество классикасын Мадонна да ырдаган. «Кымбатту аяз ата, балатынын алдына шуба таштап кет! Мен өзүмдү жакшы алып жүрдүм!»

Абдан көрктүү чыгарма, артында оркестр угулуп турат. Бул ага өзгөчө шаң берет. Аны Этра Китт, Мэрилин Монро, Гвен Стефани, ал тургай Майкл Бубленин (бул канадалык ырчынын жыл сайын майрам алдында супер популярдуулукка ээ болгон бүтүндөй рождестволук альбому да бар) аткаруусунда дагы угууга болот.

Майрамдарга карата The killers’тин дагы чыгармасы бар — тентек бала жөнүндө.

«Кымбаттуу Санта, мен тил албаган бала болгондурмун, бирок азыр жакшы баламын», — деп ырдайт жигит. «Балакай сен түшүнбөй жатасыңбы? Мен сени башка балдарга үлгү болсун деп жазалайм!» — деп жооп берет Санта.

Жан дүйнөгө жакын лирикалык жанрды дагы уккуңар келеби? Анда «Пломбир» ыры учурга төп келет.

Ал өтө назик жана жайдары.

Бул чыгарманын ыргагы менен келе жаткан жыл тууралуу ой чаптырып, узап бараткан жылды эстеп эргүү алып, жөн гана балалыкка сүңгүп, жада калса кереметке да ишенсе болот.

Жаңы жыл жана Рождество тууралуу ырлар жыл сайын жаралат. Эгерде алардын бири майрамдык гимнге айлана алса, ал узак жылдар бою эскирбей жаңыра берет. Мисалы, Иван Дорндун майрам тууралуу орус тилинде Антоха МС менен, украин тилинде Констаттин менен бирге жана жеке өзүнүн аткаруусундагы үч ыры бар — балаты тууралуу.

Жаңы жылдык шаң жана шапар үчүн Ютубдун издөө деген жерине «Жаңы жыл ырлары» деп гана жазуу жетиштүү 🙂