Сот Бишкектеги кафеде жана милиция бөлүмүндө мушташкан үч кишини коё берди

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 1-январга караган түнү үч киши Лебединовка айылындагы кафеде мушташканын «Клоопко» маалымдады. ЖМКлардын маалыматына ылайык, мушташ «Империя пиццы» кафесинде болгон.

Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери келип, кишилерди тынчтандырууга аракеттенген. Бирок шектүүлөр «баш ийбей, милиция кызматкерлерине кол салып, формаларын жыртып, чырды улантышкан».

Кийинчерээк жардамга ОИИБдин милиционерлери келип, шектүүлөрдү кармашкан. Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилип жатканда кызматтык унаанын айнегин сындырып, нөөмөт бөлүмүнүн ичинде да айнектерди талкалашкан.

Шектүүлөргө бир канча беренелер боюнча айыптар тагылып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, бирок сот аларды коё берди. Тергөө уланууда.