Бийлик Караколдо коттеж куруу үчүн карагайлар кыйылат деген маалыматты текшере баштады

Karakol White Hills коттеждик шаарчасын куруу үчүн Караколдо ийне жалбырактуу карагайларды кыюу пландалууда

Долбоордун авторлору ал «Каркол» лыжа базасынын дал ортосундагы «Бийик тоолуу швейцариялык шаарча» болот дешүүдө. Бир чарчы метр үчүн баалар 1100 доллардын айланасында болуп жатат. Бүгүнкү күндө 20 коттеж сатылды.

Ушундай коттеждер курулат. 

Коттеж куруу үчүн карагайлуу токтойдун кыйылып жатканы кыргызстандыктардын нааразчылыгын жаратты. Алар авторлордун идеясын жапайычылык деп атап, карагайларды кыуюга каршы чыгышты.

Ал эми жергиликтүү бийлик текшерүү иштери башталганын жана соо бактарды уруксатсыз кыюуга жол бербей турганын билдирди.

Куруучу компания эмне дейт?

Коттеждик шаарчанын курулуш иштерин «Альфа строй» компаниясы жүргүзөт. Алар болочоктогу коттеждик шаарчанын Instagram барагына токтойдун кыйылышына нааразы болгондорго кайрылуу жарыялашты.

Алардын айтымында, курулуш иштери эки гана себептен улам башталбай жатат: коттеждерди бактардын арасына куруу үчүн бак-дарак планын жана токтой чарба тарабынан көчөт отургузуу үчүн жер бөлүнүшүн күтүп жатышат.

Куруучу компания эң мыкты курорттору жана экологиялык курулуштары бар өлкө катары АКШ менен Швейцарияны мисал келтирди. Фирмадан аталган өлкөлөрдө токойлор маал-маалы менен кыйылганына карабай, бак-дарактардын саны азайбаганын белгилешти — анткени алар регенерация жана көчөт тигүү процессине өзгөчө көңүл бурушат. Алардын пикиринде, Кыргызстан буттан туруп, өнүгөм десе, алардан үйрөнүшү керек.

«Баарыбыз жактырган Каракол лыжа тилкеси, асма жолу жана база өзү кантип курулганы жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле? “Каприз” кантип курулган? Кантип эле топуракты казып, тамырларды чыгарып жол салынбасын? Кантип эле бак-дарак кыйылбасын? Туура, достор! Кыйылган, казылган. Коммуникациянын негизиги булагы болгон Инстаграм, Фейсбук жана Твиттер болбогону үчүн курулган. Ушунун баары 15-20 жыл мурда болгонун элестетүүдөн корком. Мындай эко-посттор, эко-чакырыктар биздин сүйүктүү курортубуздун курулушуна тоскоол болмок», — деп эсептешет алар.

Алардын баамында, Бишкекте курулушту токтотуу жана дарактарды кыюу боюнча эч кандай чакырык жок. Анткени бул кызыксыз жана ызы-чуу жаратпайт.

«Эгер 60-жылдарда социалдык тармактар болгондо: элестетип көрөлү, экосистеманын өзгөрүү масштабы миң эсе жогору болгон Токтогул ГЭСинин курулушу. Ушундайда активдүү колдонуучулар менен “хайпажорлор” катастрофа каптады деп коңгуроо каккылап чыгышмак. Терең ойлонулбаган нааразылыктын жетегинде жүрө берсек туңгуюкка түшөбүз. Балким, урпактар сыймыктана турган нерселерди жаратчу мезгил келгендир? Жер узак мөөнөткө ижарага алынган. Токойду ойлобосок, курулушту жайында эле баштап салмакпыз», — дешет алар.

Ошондой эле, куруучу компания бак-дарак кыйылса ордуна компенсациялоочу аракеттер жүргөн дүйнөлүк тажрыйбадан мисал келтирди: бир дарак кыйылса үч көчөт тигилип, жакынкы аймактардын өнүгүшүнө салым кошуп, жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, өлкө бюджетине каражат төгүлөт.

Бийликтин жообу

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев «Каракол» лыжа базасындагы «швейцариялык шаарча» куруу үчүн токой кыйылышы мүмкүн деген маалымат текшериле баштаганын Sputnik басылмасына билдирди.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев шаарча курулушу мүмкүн экенин социалдык тармактардан укканын айтты.

«Бул боюнча угарым менен туристтик-экологиялык милицияга ал жакты текшерүү тапшырмасын бергем. Милиция канчалык мыйзамдуу иш жасалып жатканын текшерип жатат. Азыркы тапта эч кандай карагай кыюу, курулуш иштери жүргөн жок. Алдын ала маалымат боюнча, компаниянын ал жакка шаарча салуу ниети эле бар экен. Кайсы жакта кандай карагай турганын билип, текшерүү үчүн дрон менен тарткыла деген тапшырманы бердим», — дейт ал.

Кожоев компаниянын жарнамасында көрсөтүлгөн жер Токой-чарба агенттигине караштуу экенин белгиледи.

«Маселе менин көзөмөлүмдө. Уруксаты жок эч ким карагай, бак кыйбайт. Токойду кыйып, браконьерлик кылууга каршымын», — деп ишендирди президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү.

Андан тышкары, Каракол шаардык мэриясы да, Ак-Суу райондук акимчилиги да курулуш иштери боюнча маалыматы жок болуп чыкты.