Чек ара кызматы: Тажикстандан эч бир себеби түшүндүрүлбөй 50 кыргызстандык чыгарылды

Тажик тарап эч бир себебин түшүндүрбөй туруп Кыргызстандын 50 жаранын өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандыктардын алгачкы 47си өлкөгө «Карамык» өткөрмө пункту аркылуу өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулгандар, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алардын тажик жарандыгы бар.

Дагы үч киши 4-январда чыгарылган. Алар Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал), Мургаб жана Тоолуу-Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жүрүшкөн жана жашап жүргөн жери боюнча убактылуу каттоого турушкан.

«Бирок 2022-жылдын 2 жана 4-январында тажик бийлиги себебин түшүндүрбөстөн жана туугандары менен коштошууга уруксат бербестен 24 саат ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберди», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары мекенине «Карамык-автожол» жана «Бордөбө-автожол» өткөрмө пункттары аркылуу кайтып келишкен.

Тажик тараж Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына азырынча эк кандай комментарий бере элек.