Аркадий Дубнов: Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалды

Борбор Азия боюнча адис, саясат таануучу Аркадий Дубнов Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу — Кайрат Сатыбалды кармалганын билдирди. Ошондой эле дагы бир иниси Самат Абиш дагы кармалган болушу мүмкүндүгүн айтты.

Буга чейин казак ЖМКлары бир туруп Абиш кармалганын, бир туруп кармала электигин билдиришкен. Ал эми Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Абиштин кармалышы жөнүндөгү маалыматтарды чагымчылдыкка теңеген.

Олигарх Сатыбалды

Кайрат Сатыбалды эмгек жолун 1991-жылы УККдан баштаган, кийин 1998-2000-жылдары Астана шаарынын акиминин орун басары болгон, 2000-2003-жылдары «Казакойл» ишканасынын вице-президенти болуп иштеген, 2003-2005-жылдары кайрадан УККга кайтып келип — кадрлар департаментин башкарган, 2005-2006-жылдары «Казакстан темир жолу» ишканасынын вице-президенти, 2006-2010-жылга чейин «Дуние корпорациясынын» директорлор кеңешинин төрагасы, 2010-жылы «Нур Отан» партиясынын катчысы, 2015-жылы Kaspi холдингинин акционерлеринин мүчөсү болгон.

Мындан тышкары, ал УКК кызматкери болуп турган кезде «Орда и К» фирмасын ачып, Улуттук спорт ассоциациясын башкарып, «Кайрат» кайрымдуулук фондун жана «Ак орда» уюмун түптөгөн. Акыркы уюм потенциалдуу саясий күч катары кабылданчу.

2021-жылда «Казактелекомдун» акцияларынын дээрлик 25%на Skyline Investment Company S.A офшору ээлик кылары белгилүү болгон — ал эми Кайрат Сатыбалды фирманын негиздөөчүсү болуп чыга келген. Казакстанда «Казактелеком» телекоммуникациялык рынокто монополист эсептелет. Ошондой эле Сатыбалдыга «Амир LTD» компаниясы таандык экени, «“Аллюр” компанияларынын тобун» да жетектери белгилүү болгон.

Forbes’тун 2018-жылга карата маалыматына ылайык, Кайрат Сатыбалды 163 млн долларлык байлыктын ээси болуп, Казакстандын эң эле бай делген 50 ишкердин катарына кирген.

Чекист Абиш

Самат Абиш, бир тууганы Кайрат Сатыбалды сыяктуу эле эмгек жолун УККдан баштаган. Кызматты 2000-жылы өтөгөн, 2006-жылы Юстиция министрлигинин төрагасынын орун басары болгон. 2008-жылы ошол эле ведомствонун жооптуу катчысы катары иштеген.

2010-жылы УККга кадрлар департаментинин башчысы катары кайтып келет — ушул эле кызматты кайсы бир убакта Кайрат Сатыбалды дагы аркалаган. 2011-жылы УККнын Астанадагы бөлүмүнүн башчысы, 2015-жылы — төраганын биринчи орун басары болуп иштеген. УККдан 2022-жылдын январь айындагы нааразылык акцияларынын негизинде кызматынан бошотулган.

ЖМКлар Абишти Назарбаевдин потенциалу «мураскери» катары аташкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди «техникалык» деп атап, анын ордуна элбашынын кызы же башка туугандары келет делген.

Самат Абиш жана Кайрат Сатыбалды — элбашынын иниси Сатыбалды Назарбаевдин жана анын жубайы Светлананын уулдары. Сатыбалды 37-жашында жол кырсыгынан каза тапкан. Аялы Светлана мугалим, андан кийин мектеп директору, 2003-жылдын ноябрынан баштап — «Дәуір» республикалык полиграфиялык басылмасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Кайрат Сатыбалдынын Гүлмира аттуу жубайы бар, ал дагы кайын энеси сыяктуу эле мугалим экени белгилүү. Эки уул, эки кыздын — Бауыржан, Нурсултан, Аружан жана Дария Сатыбалдынын ата-энеси.

Аружан Сатыбалды Казакстандын алдыңкы 50 бизнесменинин бири Серик Сейитжановдун небереси Амиржан Сейитжановго турмушка чыккан. Серик Сейтжанов ири мунай жана курулуш компанияларына, алтын жана күмүш казуучу ишканаларга, мейманканаларга жана өндүрүш компанияларына ээлик кылат.

Самат Абиш Алматыда люкс классындагы Royal Tulip Almaty отелинин ээси Алматбек Мыхановдун кызына баш кошкон.