Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза болуп, 190 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 9-январга карата коронавирустан эки бейтап каза болду. Сутка ичинде илдеттен 60 адам айгып чыкты, ал эми жуктуруунун 190 жаңы учуру катталды.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 124;
  • Жалал-Абад облусу — 22;
  • Чүй облусу — 15;
  • Ош шаары — 14;
  • Баткен — облусу — 8;
  • Талас облусу — 6;
  • Ош облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккандардын жалпы саны 185 867ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 180 281 адам илдеттен айыкты. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2818 адам каза болду.

Учурда 402 бейтап ооруканада, ал эми 878 киши үй шартында даарыланууда.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 9-январга карата 3789 киши COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 1223 адам биринчи дозасын, ал эми 2566 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.