«Викрам террорист эмес». Рузакуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты

Казакстанда кармалган кыргызстандык джаз-музыкант, пианист Викрам Рузакуновун 50гө жакын тарапташы 9-январда Бишкектеги казак элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар Рузакуновду Бишкекке алып келүүнү талап кылышууда.

Митингге эстрада ырчыларынан Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова катышты. Алар колдоруна «Саясий интрига жок», «Манипуляция кылбагыла!» деген жазуусу бар кагаздарды көрөтүп турушту.

Акциянын катышуучусу, жарандык активист Атай Бейшенбек Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузакунов «90 миң теңге үчүн митингге чыкты» деген маалыматты «чектен ашкандык» деп атады.

«Бир жактуу маалымат таратып, социалдык тармактарда эки элди түшүнүксүз жагдайга алып келди. Ошол үчүн бүгүн эс алуу күн экенине карабай элчиликтин алдына келдик. Биз казак бийлигине “Бир жактуу маалымат таратпагыла” деген кат таштап кетебиз. Казак бийлигинин жоопкерчилик алуусун каалайбыз. Казакстанда көптөгөн террорист жүрөт деп атышат, бирок биринчи террорист деп кыргыз жаранын кармаганы өтө чоң суроо жатат. Буга кыргыз бийлиги дагы реакция жасашы керек», — деди ал.

Митингге келген ырчы Ырыскелди Осмонкулов Рузакунов менен көп жыл бирге иштегенин айтып, ал «200 доллардан 100 эсе көп табарын» белгиледи.

«Рузакуновду биз жакшы билебиз. Мындай ишке бара турган адам эмес болчу. Аны жакындан тааныгандыктан, биз бул маалыматка ишенбейбиз. Ал акчага муктаж эмес», — деди Осмонкулов.

Ошондой эле, акциянын катышуучулары казак бийлиги туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, кыргыз бийлигинен реакция кылууну талап кылышууда.

Ал арада Рузакуновду колдоо митингине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берди. Ташиев Рузакунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирди.

«Биздин жарандар терроризмге айыпталып жаткан учурда, биз унчукпай отура албайбыз. Рузакунов террорист эмес. Аны сактап калуу үчүн кыргыз бийлиги бардык колдон келген аракетин жумшайт», — деди ал.

Мындан сырткары, УКМКнын төрагасы музыканттын кармалышы боюнча толук маалымат алуу үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Пианист Викрам Рузакуновдун кармалышы

9-январда Казакстандык ЖМКларда Викрам Рузакуновдун кармалганы тууралуу видео жарыяланган. Анда ырчы «жумушсуз болгондуктан акча үчүн башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин» айтып берген. 

Тасмада Рузакунов «бейтааныш адамдар ага байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар болчу, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайткам, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деген Рузакунов.

Ал арада Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузакунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирди.

Ошондой эле, Рузакуновдун жакындары алардын Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, музыкант Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен учурда Казакстандын тийиштүү органдары менен биргеликте кыргыз жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайлары такталып жатканын маалымдады.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 9-январга карата массалык башаламандыктарга катыштыгы бар делген шек менен 5 135 киши кармалган. Күч органдары жалпысынан 125 кылмыш ишин козгогон.

Башкы сүрөттүн автору: Атай Бейшенбек